Сауд Арабия Кыргызстанга 130 млн. доллар насыя берүүдө. Акча эмнеге жумшалат?

© AFP / MARK WILSONАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Жазылуу
Султан Аль-Маршад башында турган делегация 23-апрелде келген.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Сауд өнүктүрүү фонду "Турак жайды каржылоо" жана "Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорлору боюнча жалпы суммасы 130 миллион долларлык насыя берерин Кыргызстандын Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматта бүгүн министр Алмаз Бакетаев менен аталган фонддун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад эки кредиттик макулдашууга кол койгону айтылат.
Долбоорлор муктаж болгон тургундарды арзан турак жай менен камсыздоого, ошондой эле Талас районундагы жолдун 92,9 чакырым бөлүгүн реконструкциялоого багытталган.
Эскерте кетсек, Султан Аль-Маршад башында турган делегациянын сапары бүгүн, 24-апрелде, аяктайт.
Курулуп жаткан көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
4 пайыздык "Социалдык ипотеканы" кимдер ала алат? МИКтин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0