Жапаровдун маалымат катчысы УКМК кармаган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди

© AFP / MARTIN ABBUGAOАлтын куймалар. Архивдик сүрөт
Алтын куймалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Жазылуу
Султанбаев ишке "Алтын кен" компаниясы аралашканын, болжолдуу маалыматтар боюнча, алар салыктан качканын айтты.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. УКМК "Ак-Жол" чек ара бекетинен JAC үлгүсүндөгү автоунааны 84 килограммга жакын (300 миллион сомдук) алтын менен кармаган окуя боюнча президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берди. Ал "Кабар" улуттук агенттигине маек берген.
Окуя 17-апрелде болгон. УКМКнын айтымында, товардын ЕАЭБдин талаптарына ылайык документтери болгон эмес. Автоунаа Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан.
"Кабардын" журналисти Султанбаевден "соцтармактарда айрымдар "өлкөдөн алтындар чыгарылып жаткан турбайбы" деген өңүттө жазышууда. Ушул боюнча укук коргоо органдары маалымат бериштиби?" деп сураган.
"Ооба, 84 кг алтынды "Ак-Жол" чек ара постунан алып кирип келе жаткан жеринен "Алтын кен" компаниясы кармалды. Бул эмне алтын экенин чечмелеп берейин. Бизде республика боюнча майда-чүйдөсү менен болуп 100дөн ашык компания алтын казышат. Алардын көпчүлүгү руданы же концентраттарды Кытайга же Казакстанга алып барып, кайра иштетип, алтынын бөлүп алып келишет. Себеби бизде айрым металлдардан алтынды бөлүп чыгаруучу заводубуз жок. Ошол үчүн илгертен бери эле чет өлкөлөргө алып барып, алтынын бөлүп келгенге мыйзам менен уруксат бериптирбиз", — деген Султанбаев.
Ал былтыр жаңы жыл алдында президент Кара-Балтадагы заводго барып, 2023-жылдын 1-майынан тарта руда менен концентраттар чет жакка чыкпай өлкөдө кайра иштетилсин деп жарлык чыгарганын эске салды. Бирок бийлик заводду салууга үлгүрбөй жаткандыктан жарлык 31-декабрга чейин узартылган.
"Эми 84 кг алтынга кайталы. Бул жерде алтынды жашыралы дешкен эмес. Салыктан качууну ойлошкон деген пикирге келип жатабыз. Анткени булар алтынды алып кирип келе жатканда салыкчыларга каттоого коюп, 60 миллион сомдун тегерегинде салык төлөшү керек эле. Ошону төлөбөй алып кирип келе жатып кармалышты. Кээ бирөөлөр бул окуяны "алтын чыгарып кетип жатып кармалышты" деп бурмалап жатышат, андай эмес. Руда менен концентраттар чыгып жатканда дагы көзөмөлгө алынат. Курамынан болжол менен канча алтын чыгыш керек экени дагы лабораториядан өтөт, анан алып кетишет. Кайра ошол алтын бизге келип, салыгы төлөнүп, андан кийин кайра чыгарып кетишсе болот. Мыйзамдуу жол-жобосу ушундай", — деди президенттин маалымат катчысы.
Султанбаев жыл этегине чейин завод бүтсө баары өлкөдө иштетиле турганын айткан. Ошондой эле "Кумтөрдү" алган президентибиз ушул майда-чүйдө ишти аягына чыкпай коймок беле. Кудай деп туралы" деген пикирин кошумчалаган.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Алтындын дүйнөлүк баасы 2 миң долларга чейин кымбаттап, Кыргызстанда да көтөрүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0