Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Үй-бүлөдө эркек жубайынан канча улуу болгону оң? Шарияттагы түшүндүрмө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бакыт ордосу" үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси, теолог Акимжан Эргешов. Архив
Бакыт ордосу үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси, теолог Акимжан Эргешов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Жазылуу
"Бакыт ордосу" үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси, теолог Акимжан Эргешов үй-бүлө курууда аял менен эркек эмнелерге маани бериши керектигин айтты.
Никедеги жубайлардын жаш айырмачылыгы диний, каада-салт, үрп-адат, жашаган аймактагы кабыл алынган түшүнүктөргө жараша каралат. Бул тууралуу Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Үй-бүлөдө эркек жубайынан канча улуу болгону оң? Шарияттагы түшүндүрмө
Анын айтымында, жуптар көз карашы, дүйнө таанымы, кызыкчылыгы, ден соолугу жагынан бири-бирине төп келиши керек.
"Ислам дининин өрнөгү болгон пайгамбарыбыздын жашоосундагы эӊ бактылуу күндөрдү чогуу өткөргөн, өмүр бою эстеп айтып келген, эч бир аялга алмаштыргыс жубайы өзүнөн 15 жаш улуу болгон. Ал жесир калган аял болот. Мындай көрүнүш Азия, түрк тилдүү элдерде азыр сейрек кездешет. Кездешсе дагы аны айып катары кабыл алып келебиз. "Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар" дегендей, бул жерде кеп аялдын жашы улуу болуп калганында эмес, баары келип андагы аялдык сапаттарга барып такалат. Эгерде аял жөндүү, татыктуу, уяттуу болсо, эркектен улуу болгону маселе жаратпайт. Тескерисинче, эркектин аялдан улуу болушу мусулман калкында жакшы кабыл алынат. Канча жашка улуу болушу керек деген суроо жаралат? Эркек ошол аялдын акылына, талаптарына жооп бере ала тургандай болушу керек. Көп учурда жаш кыздар өзүнөн өтө эле улуу адамдарга акчасына карап тийип алышат. Бирок акча баарын чечпейт да. Ал жерде мамиле, алака, төшөк маселеси деген бар. Балким тиги кишиде акчасынан башка эч нерсе жок, ал эми кыз эне болууну каалайт чыгар. Ушундай маселеге келгенде аша чаппастан орто ченди кармаган жакшы. Кыргызда "тең — теңи менен, тезек — кабы менен" деген менин жогоруда айткан сөзүмдү туюнтуп койгон жакшы макал бар. Бул жерде бир гана материалдык абалы, бою, келбети тууралуу айтылган жок. Жуптар көз карашы, дүйнө таанымы, кызыкчылыгы, ден соолугу жагынан бири-бирине төп келиши керек. Шариятта "айылдык кызды шаардык балага алып бербе" деген да сөз бар. Бул жерде адамдардын интеллектуалдык деӊгээли тууралуу айтылып жатат. Мисалы, жогорку билимдүү бала мектептен башка эч жерде окубаган кызды алса жашоосу татаалдайт. Ошондой эле, тескерисинче, билим албаган жигит билимдүү кызга үйлөнсө алардын тил табышып кеп куруусу кыйындайт", — деди Эргешов.
Ал үй-бүлөнүн бекемдигине жубайлардын жаш айырмачылыгы эмес, алардын дүйнө таанымы таасир этерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0