00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как выбрать безопасный фастфуд и не попасть в больницу
12:08
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
13:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кыргызский каганат: как жили кыргызы в эпоху великодержавия
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Нейроурологиялык оорулар көбөйдү — кантип алдын алуу керек?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Помогут ли налоговые льготы швейной отрасли в Кыргызстане?
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Давление санкций: как решение Трампа отзовётся в ЕАЭС
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
Театр вне столицы: почему Иссык-Кульская труппа собирает Гран-при фестивалей
20:06
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Нейроурологиялык оорулар көбөйдү — кантип алдын алуу керек?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алоэ, лилия... Ден соолукка зыян делген бөлмө гүлдөрүнүн түрү

© Фото / Pexels/ Lisa FotiosБөлмөдөгү гүлдөр. Архив
Бөлмөдөгү гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Жазылуу
Уулуу өсүмдүктүн ширеси териге тийип калган учурда денени муздак суу менен жууп салуу керек.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кээ бир бөлмө гүлдөрү үйдү кооздоп, кислород менен камсыздагандан сырткары адамга терс таасирин да тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты Екатерина Кашух Доктор Питер басылмасындагы маегинде билдирди.
Адис көпчүлүк жакшы көргөн, бирок үйдө өстүрүүгө сунушталбаган өсүмдүктөрдү санап өттү.

Алоэ

Эл арасында бул өсүмдүктүн дарылык касиети жогору бааланат. Ал күйүк алганда, жара чыкканда же курт-кумурска чаккан учурда колдонулат. Бирок бүгүнкү күндө дарыгерлер бул өсүмдүктү этияттык менен колдонуу керектигин эскертет.
"2011-жылы New Scientist журналына илимий макала жарыяланган. Анда илимпоздор эки жыл бою лабораторияда келемиштерди алоэ менен багып, өсүмдүктүн 1,5 пайыздык экстрактысы бар суу менен азыктандырышкан. Эксперименттин аягында эркек келемиштердин 74 пайызында, ал эми ургаачыларынын 39 пайызында шишик табылган. Андыктан алоэ ширесин рак менен ооругандар ичүүгө болбойт. Мындан тышкары, ал кош бойлуу аялдарга да сунушталбайт", — деп билдирген Екатерина Кашух.

Лилия

Көз жоосун алган гүлдүн бул түрү негизинен уктоочу жана балдар бөлмөлөрүндө өстүрүлөт. Бирок өсүмдүк бөлүп чыгарган жыт баш оору, баш айлануу, кээде эс-учун жоготууга алып келет.

Спатифиллум же "Аял бактысы" гүлү

Бул өсүмдүк абаны чаңдан жана зыяндуу заттардан тазалап турат. Бирок үйдө бул гүлгө этияттык менен мамиле жасоо керек.
"Спатифиллумдун курамында кальций оксалаты бар, ал адам үчүн уулуу зат. Кокус бул өсүмдүктүн жалбырагын жеп алсаңыз, ооздун былжыр чели жана кызыл өңгөч сезгениши мүмкүн. Андан кийин ич ооруп, жүрөк айлануу, кусуу, диарея да пайда болот", — деп түшүндүрдү Кашух.

Фикус

Жыл бою үйдү кооздоп турган өсүмдүктүн бул түрү ден соолукка зыян экенин көпчүлүк билбесе керек. Анын ширеси өтө уулуу жана дерматитке (теринин сезгениши) алып келиши мүмкүн. Ал эми анын жалбырагын жеп алган учурда ашказан-ичеги оорусу, кусуу жана диарея пайда болушу мүмкүн.
Адис ден соолукка зыян келтирип албаш үчүн гүл өстүрүүнүн алдында ал тууралуу толук маалымат алууну сунуштайт. Ошондой эле жаш балдар жете албаган бийик жерге коюш керек. Эгерде уулуу өсүмдүктүн ширеси териге тийип калса, муздак суу менен жууп, андан соң терини спирт менен сүртүп коюу сунушталат.
Бөлмө гүлдөрү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Окумуштуулар бөлмөдөгү абаны тазалаган гүлдүн үч түрүн айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0