Президенттин иш башкармалыгы Бишкекте кофейня куруу үчүн инвестор издеп жатат

© Фото / Pexels / Marta DzedyshkoКофейня. Архивдик сүрөт
Кофейня. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Жазылуу
Инвестор курулушка 40 миллион сом салышы керек.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар департаменти жеңил металлдык конструкциялардан Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишине кофейня куруу үчүн инвестор издеп жатат.
Ведомствонун сайтындагы долбоордо объект Манас проспектиси, 28 дарегиндеги мамлекеттик имараттын жанына курула тургандыгы айтылган. Бул даректе Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жайгашкан.
© Фото / Департамент государственных зданий при Управделами президентаКофейня эскизи
Эскиз кофейни из легких металлических конструкций в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Кофейня эскизи. Архивдик сүрөт
Жер тилкеси (Мамкурулуштун автоунаа токтоочу жайы) ыкчам башкаруу укугу менен департаменттин карамагында экени белгиленди.
Сынакка катышчулардын курулуш тармагында үч жылдан кем эмес тажрыйбасы, Мамкурулуш берген лицензиясы жана банктагы эсебинде үч миллиондон кем эмес акчасы болушу керек. Инвестор курулушка 40 миллиондон ашык каражат салышы кажет жана мамлекет жактан биргелешип каржылоо каралган эмес. Департамент бул долбоор шаарды, өнөр жайды өнүктүрүүгө шарт түзүү жана жумушчу орундарын түзүү боюнча коюлган милдеттерди аткарууга көмөкчү болот деген ниетте.
Тилке 10 жылга ижарага берилет жана ал долбоордун өзүн-өзү актай тургандыгын эске алганда 15 жылга созулушу мүмкүн. Муну менен катар эле кофейня иштеп баштагандан тарта анын имараты мамлекет тарабынан жеке өнөктөшкө жүз пайыз ижара шартында берилет. Аянты 300 чарчы чакырым.
Бийлик бюджетти ижара аркылуу толтурууну же жеке менчик ээси менен келишим аяктагандан кийин имаратка мамлекеттик мекемени жайгаштырууну пландоодо.
Жаңы футболдук стадиондун курулушуна даярдык иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Мамкурулуш жаңы стадионду курууга даярдыкты баштады. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0