Москвада Евразия экономикалык форуму өтөт. Кантип катышса болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовЕвразия экономикалык форуму. Архив
Евразия экономикалык форуму. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Жазылуу
Россиянын борборунда өтө турган форумга бизнестин кеминде 2000 өкүлү катышары күтүлүүдө.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 24-25-майында Москва шаарында "Көп кырдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция" аталышындагы экинчи Евразия экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында өтөт.
"Форум евразиялык мейкиндиктеги кызматташтык байланыштарын жакшыртууга багытталган. Анда бизнес жаатын кызыктырган ЕАЭБдеги интеграциялык процесстер тууралуу талкуу болот", — деп билдирет мекеме.
Форумдун алкагында пленардык жыйын, ЕАЭБди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча 25тен ашык тематикалык иш-чаралардан турган программанын жети блогу каралган.
Ошондой эле төмөнкү суроолор боюнча талкуулар өтөт:
"ЕАЭБ — Индонезия" бизнес-диалогу;
"ЕАЭБ — Латын Америка" тегерек столу;
Бизнес — евразиялык интеграциянын кыймылдаткычы: чакырыктар жана келечек;
Эртеңки күндүн электрондук соодасы: ЕАЭБде өнүгүүнүн жолдору;
Агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн заманбап парадигмасы: мүмкүнчүлүктөрдү алып келген глобалдык чакырыктар;
Ишкердүүлүктү жаңы шарттарда өнүктүрүү.
Форумга ири бизнестин кеминде 2000 өкүлү катышаары күтүлүүдө.
Иш-чарага катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу 2023-жылдын 10-майына чейин катталуу керек:
Толук маалымат алуу үчүн 0 (777) 337-744 же invest.alymbaeva@gmail.com электрондук дарек аркылуу байланышууга болот.
Эске салсак, аталган форум алгачкы ирет өткөн жылдын май айында уюштурулган.
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2023
ЕАЭБге мүчө өлкөлөр импорттук товарлардын бир даарын өздөрү чыгара алат. Cереп
Жаңылыктар түрмөгү
0