Министрлик: Россиядан алчу электр кубаты тарифке таасирин тийгизбейт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Жазылуу
15-апрелде Кыргызстанга россиялык электр энергиясын импорттоо башталды.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиядан алынган электр кубатынын баасы атаандаштыкка төп келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.
Эске салсак, Россиянын "Интер РАО" энергетикалык компаниясы Кыргызстанга электр энергиясы тарыхта биринчи ирет экспорттолуп жатканын маалымдаган.
2024-жылдын мартына чейин 900 миллион киловатт-саат экспорттоо пландалган. Казакстан аркылуу транзит 15-апрелде башталган.
Энергетика министринин орун басарынын жообу:
импорт боюнча маалыматты тастыктады, электр энергиясын кыргызстандыктар колдонуп жатат;
келишим 875 миллион кВт-сааттык көлөмгө түзүлгөн. Жылдын соңуна чейин 500 миллион кВт-саат электр кубатын алуу пландалууда, калганы 2024-жылдын башына пландалган;
так баасын айта алган жок, бирок наркы "атаандаштыкка ылайык";
импорт тарифке таасирин тийгизбейт.
Бийик кабаттуу электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Пресс-борбор
Камбар-Ата-1 ГЭСине акча салса Казакстанга кандай пайда алып келет? Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0