Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Социалдык келишим" долбоорунун кандай кемчиликтери бар?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСоциалдык саясат боюнча серепчи Назгүл Ташпаева. Архив
Социалдык саясат боюнча серепчи Назгүл Ташпаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Жазылуу
Социалдык саясат боюнча серепчи Назгүл Ташпаева "социалдык келишим" долбоорунун кемчиликтери тууралуу айтып берди.
Көптөгөн өлкөлөрдө "социалдык келишим" долбоору ийгиликтүү иштеп келет. Бирок "социалдык келишим" долбоору боюнча каражат социалдык жөлөк пул менен бирге берилгенде гана жакшы натыйжасын берет. Бул тууралуу Назгүл Ташпаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Социалдык келишим" долбоорунун кандай кемчиликтери бар?
Анын айтымында, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын укугун одоно бузуу менен ишке ашырылып жаткан "социалдык келишим" долбоору ансыз да оор абалды ого бетер курчутат.
"Өлкө башчысынын жарлыгы менен Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында калктын жакыр жана аз камсыз болгон катмарын колдоо максатында микрокредиттик каржылоо жана лизинг аркылуу жабдуу берүү жолу менен социалдык контракт механизмдери ишке ашырыла турганы белгиленди. Башкача айтканда, үй-бүлөлөргө мамлекеттик жеңилдиктерден тышкары кошумча лизинг жана микрокредиттик программалар берилиши керек болчу. Бирок Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү мыйзамдарды жана өлкө президентинин жарлыгын бузуу менен "социалдык келишим" долбоорун жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына берилчү жөлөк пулдун негизинде ишке ашырып жатканы белгилүү болду. Анткени министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы "Социалдык контрактынын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтомунда мамлекет менен социалдык келишим түзүлгөндөн кийин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жакынкы үч жылда жөлөк пул алуу укугунан ажыратылат. Жөлөк пул алган үй-бүлөлөр социалдык келишим түзүлгөндөн кийин тамак-ашына жана балдарын бакканга кирешенин жоктугуна тынчсызданышууда. Бул үй-бүлөлөр жакынкы үч жылда тамак-аш, кийим-кече, окуу куралдары, мектепке чейинки билим берүү жана ден соолукту чыңдоо үчүн мамлекет тарабынан тийиштүү жардам ала албай калышат. Эң жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын укугун одоно бузуу менен ишке ашырылып жаткан мындай тажрыйба ансыз да оор абалды ого бетер курчутат", — деди Ташпаева.
Ал балдарды жөлөк пулдан ажыратуу "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамына каршы келерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0