Ош — Омск — Ош авиакаттамы жанданды

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Жазылуу
Авиакаттам жумасына бир жолу аткарылып турат.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ош — Омск — Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Россиялык "Северный ветер" авиакомпаниясы 28-марттан баштап каттайт.
Авиакаттамдар жумасына бир жолу — шейшемби күнү аткарылат.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 5-майынан тарта Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө.
Учак аэропортко конууда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Июнда Бишкектен Сеулга түз каттам ачылат
Жаңылыктар түрмөгү
0