Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бактияр кызы: Казакстанга барып кыргызча, казакча төгүп, байгелүү кайттым

© Sputnik / Асель СыдыковаТөкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун мүчөсү Нурайым Бактияр кызы
Төкмө акын, Айтыш коомдук фондунун мүчөсү Нурайым Бактияр кызы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Жазылуу
Төкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун мүчөсү Нурайым Бактияр кызы Казакстандын Шымкент шаарында эл аралык айтышка катышып, экинчи орунду алып кайтканын айтты.
Нурайым Бактияр кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып бул айтыш дем-күч бергенин, өзүнө болгон ишенимди ойготконун баяндап берди.
Бактияр кызы: Казакстанга барып кыргызча, казакча төгүп, байгелүү кайттым
Анын айтымында, төкмөлүк өнөрдү эки жылдан бери аркалап келе жатат.
"Бул айтышка мени казак акыны Нурлан Эсенгулов чакырды. Жарык дүйнөгө 10 бала алып келип, ошону менен бирге журттун балдарын багып-тарбиялап, чоӊойтуп үйлөнткөн баатыр эне Бибижамал Аблазимовага арналган айтыш болду. Жамал апа бүткүл Казакстанга таанымал, жасаган иштери кеңири айтылып келет. Ошол апанын балдары айтыш уюштурушкан экен. Кыргызстандан мен, Өзбекстандан бир казак жигит келип, жалпысынан 10 акын катыштык. Жарым финалда Нурлан Эсенгулов менен айтыштым. Негизинен кыз-жигит айтышы болду. Финалда Нурлыбек Мейрманов деген акынга туш болдум. Ал менен да кыз-жигит айтышын курдук. Эки элдин достугун даңазалап, калкка ыраазычылыгыбызды айтып ырдадык. Казак эли жакшы тосуп алды, конок кыз деп колдошту, сыйлашты. Кыргызча төксөм да, казакча төксөм да түшүнүп кол чаап жатышты. Өзүм кичинемден кыргыз-казак элинин айтыштарын тынбай укканым үчүн казакча билем, айтышта кээде казакча да төгүп жаттым. Ошентип экинчи орунду беришти. Казакстанга биринчи жолу бардым да, кандай кабыл алышат деп башында коркуу, толкундануу болгон. Эки айтышта тең мага эки жолудан 9 упай берилип калды. Алгачкы эки 9 берилгенде алпаруучу Биржан Байту "бул конок кыз го, бир эле 9 койсок кантет?" деп калды. Эл да чуулады. Аны угуп аябай ыраазы болдум. Казак акындарынын айтышын көп угам дебедимби, азыркы кыз-жигит айтыштарында нарктуулук, салттуулук, кызды урматтоо жогураактай сезилчү. Мени кемсинтип, ыңгайсыз абалга калтырышсачы деген да ой келген эле. Бирок андай болгон жок. Кыргыздан келген сулуу деп сыйлап ырдашты. Бул айтыш мага дем-күч берди, өзүмө болгон ишенимди ойготту десем болот", — деди Бактияр кызы.
Ал учурда "Манас" театрында төкмө акын катары иштеп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0