Министрлик кымбат дары-дармек жана жабдууларды сатып алууга 600 млн. сом бөлдү

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүДары-дармек. Архивдик сүрөт
Дары-дармек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2023
Жазылуу
Учурда кант диабети жана жүрөк-кан тамыр оорулары үчүн керектүү каражаттарды алууга тендер жарыяланды.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги быйыл медициналык жардамдын кымбат баалуу жана жогорку технологиялык түрлөрүн камсыздоого 600 миллион сом бөлдү. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Каражат Жогорку технологиялар фонду жана Борборлоштурулган иш-чаралар линиясы боюнча ооруканаларга бөлүштүрүлөт.
Анын алкагында жүрөк-кан тамыр ооруларына, онкологиялык ооруларга, органдарын алмаштырган бейтаптарга иммуносупрессорлор сыяктуу дарылар, медициналык жабдуулар алынат.
"Азыркы тапта кант диабети жана жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптар үчүн препараттарды жана жабдууларды алууга тендер жарыяланды. Ошондой эле башка облустарда дагы тендердик документтер даярдалып, бааларга мониторинг жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында саламаттык сактоо тармагына бюджеттен каралган 5 миллиард 150 миллион сом толугу менен берилгени кошумчаланды.
Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борбору менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна пландан тышкары барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Жапаров министр менен ракка кабылган бейтаптарды акысыз дарылоону талкуулады
Жаңылыктар түрмөгү
0