Өз оюнун баштап... Россия менен Сауд Арабиясы АКШны ордуна койду

© AP Photo / Saudi Royal Palace/Bandar AljaloudСаудиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман Аль Сауд менен АКШнын президенти Жо Байден
Саудиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман Аль Сауд менен АКШнын президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2023
Жазылуу
АКШ мунай тармагындагы таасиринен тайдыбы? Жакынкы Чыгыш өз эркин көрсөттү.
Наталья Дембинская
Бааны кескин түшүрүп, россиялык бюджетти эңшерүү үчүн америкалыктар саудиялыктарды мунайды көбүрөөк казууга көндүрүүгө тырышты. Бирок андай амалдуу аракеттен майнап чыккан жок. ОПЕК+ өз чечимин чыгарып, өндүрүштү кыскартмак болушту.
Ушул тапта Brent үлгүсүнүн баррели 100 долларга чамалап, рынокто таңсыктык жаралчудай болуп турат. Ал эми Вашингтон күйүүчү майдын кымбатташына жана инфляциянын кескин күчөшүнө камынууга аргасыз. Президенттик шайлоонун алдында мындай абал аларды түйшүккө салды. Наталья Дембинская Кошмо Штаттар Эр-Рияддан бул өңүттөгү кадамды дегеле күтпөгөнү көрүнүп турганын белгилейт. Серепчинин ушундай абал чагылдырылган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Сырье рыногундагы күтүлбөгөн жагдайларга таянып, ОПЕК+ айрым мүчөлөрү мунай казуу көлөмүн азайтты. Атап айтканда, Москва менен Эр-Рияд күнүнө500 миң баррелге чейин кыскарта турган болушту.
Ошондой эле өндүрүш көлөмүн жалпы төмөндөтүүнү жарыялаган Ирак, Бириккен Араб Эмирлиги, Кувейт, Казакстан, Алжир, Оман менен Габондун бул чечими суткасына 1,66 миллион баррелди түзмөкчү.
"Россия жоопкерчиликти эске алуу менен ушул жылдын аягына дейре суткасына 500 миң баррелге чейин ыктыярдуу түрдө кыскартат", — деп маалымдады вице-премьер Александр Новак. Рынок үчүн бул күтүүсүз болду, себеби картель өндүрүштү мурдагы деңгээлинде калтырат деп жоромолдоп турушкан.
Байкоочулар чечим рынок талабы менен сунушту талдоо графигине жараша эмес, пландан тыш кабыл алынганы таң калтырды. Ушундан улам мунай баалары заматта көтөрүлүп кетти. Brent жыл ичинде тынымсыз кымбаттап отуруп, баррели 87 долларга чыкты.

Таңсыктык жаралчудай...

Ошентип Россия менен Сауд Арабиясы эле рыноктон суткасына миллион баррелди кошумча алып коюшат. Ковиддик чектөөлөрдөн кийин кытай экономикасынын дүйнөгө толук ачылышы аталган продукцияга суроо-талапты күчөтөрү болжонуп турганда бул ого бетер кыйсыпырга салары ырас.
Wood Mackenzie компаниясынын баамында, мунайды дүйнөлүк керектөө суткасына 2,6 миллион баррелге жогорулап, анын миллионун Кытай алат.
Былтыр ноябрдан тарта кен казуу дагы эки миллионго азайтылып, бул дүйнөлүк суроо-талаптын үч пайызын түзгөн. Жалпылаштырганда суткасына өндүрүш көлөмү суткасына 3,66 миллион баррелге азая түшөт.
Адистер ОПЕК+тун кадамы жылдын экинчи жарымында мунайдын тартыштыгына кептеп, рынокто чыңалууну жаратып, сырьенун кымбатташына алып келерин айтышат.
Goldman Sachs банкы декабрда түндүк деңиздик Brent мунайынын баррели 95 долларга чыгарын боолголойт. "ОПЕК+ мунайдын наркы жаатында абдан күчтүү бийликке ээ. Өндүрүштүн күтүүсүз түрдө кыскарышы алардын жаңы доктринасына шайкеш келет", — дешет банктын эксперттери.
"ОПЕК+ бааны эң оболу өндүрүшчү өлкөлөргө ылайык деңгээле кармап турууга умтулат. Ошол себептен жакынкы айларда мунай наркы 85-90 долларга бааланары турулуу иш", — деп белгилейт Россиядагы газ-мунай турмагы үчүн технологияларды иштеп чыгуучу "ВОРМХОЛС Внедрение" компаниясынын башкы директору Олег Журавлев.
Мунай ташуучу танкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2023
Эр-Рияд Сауд Арабиядагы мунайдын баасын чектөөчүлөргө эскертүү берди

Инфляция менен бензин

Кошмо Штаттардагылар бул көрүнүшкө өтө нааразы. "ОПЕК+ чечими өкүндүрбөй койбойт. Баа жаатында азырынча айтарым жок", — деди АКШ финансы министри Жанет Йеллен.
Кейип-кепчүүгө себеп көп. Батыш өлкөлөрүндө жана океандын ары жагында инфляция күчөгөндөп күчөп, бензин улам кымбаттап барат.
Clearview Energy Partners АКШда күйүүчү майдын бир галлону 26 центке көтөрүлүп отуруп, жайында төрт долларга кымбатташы мүмкүн экенин белгилейт. Былтыр Кошмо Штаттарда инфляциянын деңгээли 9,1 пайызга чыкты. Мындай көрсөткүч 41 жылдан бери катталган эмес. 2023-жылы бир аз басаңдаганы менен төмөндөшүнө али көп бар. Ак үй мурдагыдай эле стратегиялык мунай резервин ачышы ыктымал.
Ушул тапта анда 382 миллион баррель сакталары маалым. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, мунай кору аркылуу Вашингтон рыноктогу баага таасир эте албай келет.
"Brent улам кымбаттап отуруп 100 долларга чыкса, албетте, ансыз да жогорулап бараткан инфляцияга таасир этет. Американын экономикасында стагфляциялык кырдаал өкүм сүрүп турган убак", — дейт Capital Lab инвестициялык компаниясынын өнөктөшү Евгений Шатов.
Булардын баары келерки жылдын күзүндөгү президенттик шайлоонун алдында Демократиялык партияга түйшүк жаратары бышык. "Бензин менен дизель АКШда да, Европа биримдигинде да кымбаттап барат. Энергетикалык каатчылык улам жаңыдан күч алып, инфляциянын ыргагын ыкчамдатууда. Мындан кийин адаттагыдай эле баары кымбаттап, нааразылык акциялары, көтөрүлүштөр, анан саясий согуштарды болжоого болот", — деп жоромолдойт экономист Леонид Хазанов.

Моюн толгоп...

Сауд Арабиясы ОПЕК+ чечими экономикалык гана мүнөзгө негизделгенин так кесе айтат. Бирок картель рыноктук факторлор менен эле аныкталбай турган жеке кызыкчылыктарын да көздөдү. Россияга бюджетин толтуруу алда канча жеңил.
"Сауд Арабиясынын күтүүсүз "белеги" бааны дагы өстүрөрү ырас. Баррели кайра 100 долларга кайтары да алыс эместей... Биржада баалар 84 долларга көтөрүлдү. Goldman Sachs жыл аягына дейре 95 долларга чейинки божомолун кайра карап чыкса, башка талдоочулар үч орундуу көрсөткүчтөрдү айта башташты", — деп белгилейт Bloomberg.
Албетте, мындай жагдай Вашингтондун көңүлүнө төп келбейт. Америкалыктар саудиялыктарды "туура жолго" салууга канча тырышты. Шатов АКШ менен Сауд Арабия инвестициялык соода келишимин түзгөнүн эске салат.
Эр-Рияд — Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы негизги союздашы, чөлкөмдө экспорттук рыноктордун эң күчтүүлөрүнүн бири, ошондой эле ири кредитор. Буга карабастан региондогу мунайды өндүрүүчүлөр Россиянын тарабын даана жактагандай кадамга барышты.
"Алар америкалыктардын пикири менен мурдагыдай эсептешпей калышты. Рыноктогу туруктуулукту сактоо үчүн Москва менен кызматташууда", - деп жазат Nihon Keizai япониялык каржылык гезити.
Ал эми Эр-Рияд менен Вашингтондун мамилеси начарлай түштү. Былтыр октябрь айында Жозеф Байден АКШдагы бензиндин кымбатташына саудиялыктар менен Россияны айыптаган эле. Саудиялык ханзаада Мухаммед ибн-Салман Аль Саудду өндүрүш көлөмүн көбөйтүү боюнча жашыруун келишим түзүүгө көндүрүүгө көпкө тырышты. Бирок Кошмо Штаттардын көздөгөнү ишке ашпай, кен казуу суткасына эки миллион баррелге азайтылган. Саудиялыктар өздөрүнүн саясаты бар экенин, аны менен эсептешүү керектигин америкалыктарга бул ирет да эскерткендей болду.
"АКШ менен Европа биримдигинин Россияга карата мамилесин көрүп Жакынкы Чыгыш өз оюнун баштоону чечти. Бир жагынан араб өндүрүшчүлөрүнө европалык рынокто россиялык атаандаштарынын ордун ээлеген оң, экинчи жагынан мунайды арзан жүктөөнүн кажети жок", — дейт Хазанов.
Талдоочунун баамында Европа рыногун ээлөөнү күчөтүү менен Россиянын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү, кыязы, Москваны колдоп, ошол эле учурда баанын да түшүп кетишине жол бербөөгө макулдашкан өңдөнөт. Алардын мындай кадамына таңыркаган Вашингтон менен Брюссель көпкө өзүнө келе алчудай эмес.
Эр-Рияд шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Telegraph: ОПЕК+ нефть казуунун көлөмүн азайтып Батышка эселеп сокку урду
Жаңылыктар түрмөгү
0