Москвада теги кыргызстандык жигитти алдап, 60 млн. рублин уурдап кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча алмаштыруу пункту. Архивдик сурөт
Акча алмаштыруу пункту. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2023
Жазылуу
31 жаштагы жигит Швейцария франкын сатып алам деп барып, алдамчылардын тузагына түшүп калган.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Москвада шылуундар жасалма түрдө банктын акча алмаштыруу пунктун ачып, Кыргызстанда туулган жарандын 59,7 миллион рублин уурдап кетишти. Бул туурасында РИА Новости укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, 31 жаштагы жигит Россиянын борбор калаасындагы соода борборлордун биринде кийим жана валюта менен соода кылып иштечү. Ал Швейцария франкын сатып алууну көздөп мессенжерден пайдалуу курсту сунуштаган акча алмаштыруу жайынын жарнамасын көргөн. Андан соң макулдашып, белгиленген дарекке барган. Алмаштыруучу жайдын ичинде кызматкер делген бир нече адам болгон.
"Жигит акчасын алып келип кассир кызга бергенде анын акча санаган машинасы кокусунан "бузулуп" калган. Мындан улам кыз терезесин парда менен жаап башка имаратка чыгып кеткен. Бир аз убакыттан кийин ал алданып калганын түшүнүп, сыртка чыгайын дегенде эшик бек болгон. Мындан улам полиция чакырган", — деди маалымат булагы.
Бул иш боюнча текшерүү жүрүп жатат.
УКМКнын кызматкеримин деп ишкердин акчасын тартып алган шектүү кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
УКМКнын кызматкеримин деп ишкердин акчасын тартып алган шектүү кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0