Эмчек эмген бала стресске туруктуу, көтөрүмдүү болуп чоңоет. Адистин маеги

© Фото / Диана МосквитинаДарыгер, эмчек эмизүү боюнча адис Бактыгүл Кылычбекова
Дарыгер, эмчек эмизүү боюнча адис Бактыгүл Кылычбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Жазылуу
Кош бойлуулукка аял ар тараптан даяр болсо көп кыйналбай турганы белгилүү. Боюнда бар аялдарга, бала эмизген энелерге карата ар кандай тыюу салуулар бар. Анын кайсынысы туура жана туура эмес экенин көбүбүз билбейбиз.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде дарыгер, эмчек эмизүү боюнча адис Бактыгүл Кылычбекова болду.
— Алдын ала эсептөө менен баланын жынысын аныктап, анан кош бойлуулукка даярдангандар бар. Бул канчалык деңгээлде туура?
— Азыркы учурда илим алдын ала баланын жынысын аныктай ала тургандай деӊгээлге жете элек. Бизде "эркек" жана "кыз" деген эки гана жыныс болгондуктан алдын ала айтуулар көп учурда туура чыгат. Анткени экөөнүн бирин тандап коесуң. Мага да кыз же уул каалап жатам деп кайрылгандар бар. Мисалы, минтип иштеген адамдар күйөөсү менен аялынын туулган датасы, аялдын акыркы айызынын канча күн келгени жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды чогултуп, иштеп жаткандай иллюзия калтырат. Алар 98 пайыз гана кепилдик бергендиктен эгер санаганы боюнча уул же кыз төрөлбөй калса, "кечиресиз, сиз жанагы эсептөөгө мүмкүн болбогон эки пайыз жуптун катарына кирип калдыӊыз" деп коет. Андай кызмат көрсөткөн баракчаларды карасаӊыздар аябагандай сонун пикирлер, ыраазычылык жазылган. Албетте, мындай "адиске" 100 киши кайрылса, алар 30унун болочок баласынын жынысын кокусунан таап алат. Болгону блогуна нааразычылык айтылган пикирлерди чыгарбайт. Төрөлө турган баланын жынысы атанын уругу менен эненин жумурткасындагы жыныстык хромосомалардын биригишинен көз каранды. Эркектин сперматозоиди X жана Y хромосомаларын, ал эми аялдын жумурткалары X хромосомаларын гана алып жүрүшөт. Эркек жана ургаачы хромосомаларынын биригүүсүнүн натыйжасында ХХ хромосомаларынын топтому болсо кыз, XY хромосомаларынын топтому болсо эркек бала төрөлөт. Баланын жынысы үчүн атасы гана жооп берет, ошондуктан кээ бир үй-бүлөлөрдө жалаң кыз же уул төрөлөт. Андан тышкары, кайсы сперматозоид биринчи жумурткага кирсе ал түйүлдүк болот деген да пикир бар. Бул да туура эмес. Жумуртканын генотибинен эӊ көп айырмаланган сперматозоид биринчи жумурткага түшөт. Биз үчүн айырмалануу абдан маанилүү. Табият ар бирибизди индивидуалдуу кылып жараткан. Андыктан бул процесске кийлигишүү мүмкүн эмес.
Адис: төрөлө турган баланын жынысын алдын ала эсептеп аныктоо мүмкүн эмес
Түйүлдүк кезинде амниотикалык суюктукту анализдеп, бир гана генетикалык жол менен баланын жынысын билсе болот (ал да 70 пайыз туура жыйынтык берет). Бул процедура гемофилия оорусу бар аялдар кош бойлуу болгондо дал ошондой диагноз менен эркек бала төрөбөшү үчүн алдын ала жасалат. Себеби гемофилиясы бар энеден сөзсүз аталган оору менен жабыркаган эркек бала төрөлөт.
— Кош бойлуу кезде "тырмакты, чачты боёбош керек, чач кыркканга болбойт" өңдүү тыюулардын канчалык чындыгы бар?
— Мунун баары чындыкка дал келбейт, медицинада кош бойлуу аялга андай тыюу салынбайт. Түйүлдүк жаңы пайда болгон алгачкы үч айында гана креатинден, чач боёктун аммиак кошулмасы барын колдонуудан баш тартууну жана көп дарыларды ичпөөнү сунуштайбыз. Анткени ушул аралыкта баланы коргоочу тон жакшы калыптана элек болот. Тон абдан уникалдуу орган катары баланы бардык зыяндуу нерселерден сактайт. Айрым кан басымы бар же дайыма дары ичип турууга муктаж аялдар коркпой эле түйүлдүктүн 3-4 айынан кийин дарыларын ичип, сулуулукка тийиштүү бардык процедураларды жасай беребиз. Айрым бала эмизген энелер крем сүйкөнүүгө болор-болбосун да сурашат. Бир гана рентген нурлары кооптуу. Бойдон козголбогон учурда пилинг кылууга деле болот.
© Фото / Диана МосквитинаДарыгер, эмизүү боюнча адис Бактыгүл Кылычбекова: Баланын жынысы үчүн атасы гана жооп берет, ошондуктан кээ бир үй-бүлөлөрдө жалаң кыз же уул төрөлөт.
Врач, специалист по кормлению грудью Бактыгуль Кылычбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Дарыгер, эмизүү боюнча адис Бактыгүл Кылычбекова: Баланын жынысы үчүн атасы гана жооп берет, ошондуктан кээ бир үй-бүлөлөрдө жалаң кыз же уул төрөлөт.
— Кош бойлуу кезде спорт менен машыгууга, учакка түшүүгө болобу?
— Түйүлдүктүн 30-33-жумасында гинекологдун уруксаты менен учакка отурууга болот. Кош бойлуулук жакшы өтүп жатса, кан басым, токсикоз жок болсо, буга чейин жүгүрүп же гимнастика жасап жүргөндөргө акырындан улантууга уруксат. Кош бойлуу кезде колду көтөрсө баланын киндиги оролуп калат деп да коркутат. Ал чындыкка дал келбейт, жөн гана ырым. Киндиги узун же суусу көп болсо гана ушундай көйгөй жаралышы мүмкүн. Биздин практикабызда киндиги баланын мойнуна үч жолу оролуп калган учур болгон, бирок татынакай эле төрөлгөн. Кош бойлуу кез аял үчүн абдан оор, аны дагы оорлотуп ар кандай нерселерди ойлоп табуунун кереги жок.
— Жаңы төрөгөндө айрым энелерден сүт чыкпайт же аз болот. Ушул учурда ар кандай биоактивдүү кошулмаларды, витаминдүү тамактарды сунушташат...
— Бала эмизген жана эмизбеген эки аял бир стакан сүт ичсе, бала эмизген эне сүттөгү кальцийдин 80 пайызын организмине сиӊирип алат, ал эми бала эмизбеген аял 20 пайызын гана керектейт. Демек, эненин организми витаминге көбүрөөк муктаж.
Айрым энелер витамин керек деп биологиялык активдүү кошулмаларды ичишет. Бирок Кыргызстанда эле аялдар төрөп жаткан жок да. Мисалы, эч кандай витамин ичпеген Африкадагы энелер кантип дени-карды соо бала төрөп, өстүрүп жатышат? Анткени аялдын денеси баланы көтөрүп, төрөп, аны эмизип азыктандырганга ылайыкташып жаралган. Жогорудагы бир стакан сүт боюнча мисалды ала турган болсок, эне эч качан эки же үч адам үчүн деп көбүрөөк тамактанганга муктаж эмес. Эне кадимкидей эле тамактануу керек, болгону андагы витаминдерди көбүрөөк сиӊирип, алып калат. Ооба, кээде үчүнчү триместрде түйүлдүк жакшылап салмак кошушу үчүн тамакты жарым порцияга көбөйтүү сунушталат. Бирок аялдын жанындагылар "сен кош бойлуусуӊ, көбүрөөк же" десе эле ашыкча жей бергени туура эмес. Ошондой эле жаңы төрөлгөн балада эритема уулануусу (токсическая эритема) болот. Жарык дүйнөгө келгенде ага бул жер чоочун болгондуктан баланын денеси кызарып баштайт. Бир жолу бир эне ушул маселе боюнча тызылдап кайрылганы эсимде. Келип текшерген дарыгер кош бойлуу кезиндеги акыркы айда дарбыз жегени үчүн бала кызарып жатат деп айтыптыр. Бул болбогон нерсе. Эгер эне кош бойлуу кезинде ар кандай жашылча-жемиш жесе да бала жаткан тон чыпкалап, түйүлдүк үчүн пайдалуу гана заттарды өткөрөт. Тон өтө кичинекей бөлүкчөдөн турган айрым вирустарды гана өткөрүп жибериши мүмкүн. Андыктан кош бойлуу аялдар рационун түрлөп, толук кандуу тамактанууга болот. Болгону биз эндемикалык зонада жашагандыктан фолий кычкылын, йод кабыл алуу зарыл. Ушул жерде айта кетчү нерсе, йод менен фолий кычкылын бир учурда ичүүгө болбойт. Анткени сиӊбей калат. Ошол эле БАДдардын курамында абдан көп түрдүү витамин, минералдык заттар бар. Мисалы, цинк менен Д витамини, темир менен кальций бири-бирине карама-каршы келет. Бир учурда ичилсе сиӊбей калат. Логикалык жактан алганда пайдасыз ошол таблетканы ичүүнүн зарылдыгы барбы? Мейли, сиӊбей эле койсун. Бирок, тескерисинче, бири-биринин сиӊишин күчөткөн заттар да бар. Эгерде адамдын организмине йод көбүрөөк кирсе, ал ууландырат.
Дарыгер: кош бойлуу же эмизген аял эки кишинин тамагын ичүүгө муктаж эмес
Ошондой эле балада бактерия жок болсо антибиотик колдонуп кереги жок. Аял антибиотик алган күндө да эне сүтүндөгү лактоза аны өткөрбөйт. Азыр медицина өнүгүп жатат. Тишиңер ооруса стоматологго баргыла. Айрымдар коркот. Керек болсо эмизүүгө таасир этпеген да ооруну сездирбөөчү дарылар бар. Бир гана онкологиялык дарыларды ичүүгө туура келсе, баланы эмчектен чыгаруу керек.
Сүттө кальций жетиштүү болгондуктан эмизген учурда кальций ичип кереги жок. Ашыкча кальций сүткө өтпөй, эмчек безинин ичиндеги азыктардын баарын жаап салат.
— Ымыркайдын ооруганын да эненин тамактанганына шылтаган туурабы?
— Эмизүү — бул табият. Бала төрөлгөндөн үч жума өтүп ичи көөп ооруйт. Муну да эненин туура эмес тамактанганы менен байланыштыргандар бар. Бирок бул баланын нерв системасынын жетиле электигинен келип чыгат. Ошондой эле наристенин бетине чыккан безеткинин да сүткө байланышы жок. Болгону башкаларга энени күнөөлөп коюу жеңил болгондуктан ага доомат артып коюшат. Баланын заңы да алты айга чейин жашыл, сары болуп өзгөрө берет. Диета кармай бергенге да болбойт, эне-баланын ден соолугуна зыян. Кээде сүттүн белогуна аллергия байкалса энесин эки жумадан бир айга чейин диетага отургузабыз. Андан ашык эмес.
© Фото / Диана МосквитинаДарыгер, эмизүү боюнча адис Бактыгүл Кылычбекова: аялдын денеси баланы көтөрүп, төрөп, аны эмизип азыктандырганга ылайыкташып жаралган.
Врач, специалист по кормлению грудью Бактыгуль Кылычбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Дарыгер, эмизүү боюнча адис Бактыгүл Кылычбекова: аялдын денеси баланы көтөрүп, төрөп, аны эмизип азыктандырганга ылайыкташып жаралган.
— Эненин сүтүн суюк жана коюу деп да бөлөбүз...
— Биз башка жаныбарлардан акылдуулугубуз менен айырмаланабыз. Мисалы, киттин сүтүнүн майлуулугу 55 пайыз, себеби ал 400 киллограмм болуп төрөлгөн баласын муздак океанда жети тоннага чейин чоңойтушу керек. Эгер энесинин сүтү майлуу болбосо, ал тоңуп өлөт. Уйдун сүтү да баласын ысык-суукта коргоочу касиетке ээ. Ал эми адамдын сүтү баарынан таттуу, биздин мээбиз башка жаныбарлардан айырмаланат. Аны өнүктүрү үчүн глюкоза керек. Эне сүтүнүн майлуулугу 4-5 пайыздан ашпайт. Ал адамдын мээсин өнүктүрүүгө багытталган. Глюкоза денеге сиңгенден кийин майга айланат, ошол себептен бала да торолот. Адам баласы жылуу үй менен камсыздалган. Жаратылыштагы жашоо ыңгайыбызга жараша жаратылганбыз. Алгач жаңы төрөгөндө эмчек кесилип, энелер жасалма сүт берип коюшу мүмкүн. Эмизбеген сайын сүт азаят. Баланы туура эмес эмизгенден улам сүт тартылат, аны билбей эле суюк деп жасалма сүткө өтүп кетишет. Ошондой эле жасалма сүт — бул чоң бизнес. Ошол себептен ири компаниялар ар кандай жарнамаларды чыгарышат. Эне сүтүндө нерв системаларын өнүктүргөн уникалдуу зат бар. Эмчек эмген балдар оор басырыктуу, стресске туруктуу, көтөрүмдүү болушат.
Ден соолугу чың бала төрөөгө кантип камдануу керек? Гинекологдун маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2023
Ден соолугу чың бала төрөөгө кантип камдануу керек? Гинекологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0