2000-3000 доллар айлык төлөйбүз дешет, адис жок. Тарых музейинин иши тууралуу маек

© Sputnik / Эмиль СадыровУлуттук тарых музейи. Архив
Улуттук тарых музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Жазылуу
Тарых өткөнүбүздү билдирип, кимдигибизди гана аныктабастан, келечекти болжоп, элибиздин кандай мыкты сапаттары, баалуулуктары бар экенин да көрсөтөт. Бул багытта музейдин ролу чоң.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова болду. Биз музейдеги жасалып жаткан иш-аракеттер, пландар тууралуу кеп кылдык.
© Sputnik / Акбар АкжигитовУлуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова
Директор Национального исторического музея КР Жылдыз Бакашова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова
— 2015-2018-жылдары Тарых музейи реконструкцияланган. Андагы баалуу экспонаттар тууралуу маалымат берсеңиз?
— Ооба, инженердик тармактар, залдардагы климаттык көзөмөл системалары автоматташтырылды, жарыктандырылды. Заманбап техникалар менен жабдылып, оңдоо, курулуш иштери аяктагандан кийин 3 800 чарчы метр аянтта жаңы экспозиция түзүлдү. Дүйнөлүк музей стандарттарына жооп берген медиастанциялар, интерактивдүү столдору бар, мультимедиалык проекторлор менен жабдылган экрандар иштейт. Беш тилде экскурсияларды коштоону камсыздаган аудиогид системасы коюлду. Балдар үчүн интерактивдүү аймактар, майыптар үчүн шарттар, үч реставрациялык лаборатория түзүлүп, коллекцияларды сактоочу жайларда күзөт сигнализациялары, видеокөзөмөл системасы орнотулду. Заманбап экспозициялык система, депозитарийлер, реставрациялоо лабораториялары менен бирге интернет-борбор учурдагы инфраструктуранын комплекси катары кирди.
Тилекке каршы, реконструкция бүтсө да мамлекеттик кабыл алуу боло элеги өкүндүрөт. Учурда биз экспонаттарды, баалуу металлдарды инвентаризациядан өткөрүп, калыпка келтирип мамлекеттик кабыл алууну толугу менен бүткөрүүгө аракеттенип жатабыз. Иштин 90 пайызы бүтүп калды. Реконструкциядан кийин музейибиз илимий, руханий, агартуучу очок катары элибизде да, чет өлкөдөн келген меймандар арасында да популярдуу болууда. Бир күндө орто эсеп менен 1000-1500гө чейин адам кирет. Музейге келген экспонаттарды жөн эле коё бербестен илимий жактан тыкыр изилдеп, канчалык деңгээлде маданий мураска кирерин тактап, окумуштуулар, Маданият министрлиги менен макулдашып туруп экспозицияларды жаңылоо жүрүп жатат. Жыл аягына чейин инвентаризация иштери толук бүтөт, буга чейин экспонаттар бир бөлмөдө эле сакталып турган. Анын баарын өзүнүн жай-жайына койдук. Азыр негизинен алты багытта иш алып барып жатабыз.
Жакында президенттин катышуусунда Венгрияда "Улуттук салттын ажайып сулуулугу" аттуу көргөзмө уюштурдук. Инновациялык-техникалык базанын катарында өзүбүздүн эсептен эле материалдык базаны чыңдап, эл аралык уюмдар, элчиликтер жана ошондой эле башка өлкөдөгү ири музейлер, өзүбүздүн кесиптештер, фонддор менен активдүү иш алып баруудабыз.
Биз көп кылымдык тарыхка бай өлкөбүз. Аймактарда байыркы жана орто кылымга таандык археологиялык тарыхый эстеликтер сакталып калган. Тарых музейинде ошол доордогу адамдардын жашоосун, байыркы цивилизациянын катылган сырларын ачууга мүмкүндүк берген абдан бай археологиялык коллекциялар сакталып турат. Музейдеги эң байыркы артефактылар таш дооруна тиешелүү. Ал материалдар боюнча Кыргызстандын аймагындагы адамдар бир миллион жыл мурун полеолиттик доордо отурукташкан деген маалымат бар. Баткен облусундагы Сел үңкүрүнөн, полеолиттик доорго таандык капчыгай устаканасынан, Ысык-Көлдөгү Тосор, Ак-Өлөң аймактарынан жана Чүй облусунан соңку полеолит дооруна таандык курама эстеликтер, артефактылар да табылган. Кочкор өрөөнүнөн коло дооруна таандык 27 буюм тапканбыз. Шамшы казынасы, Ысык-Көл казынасынан табылган коло канжарлар бар. Ички Тянь-Шанда табылган эмгек куралдары, чоподон жасалган карапалар, байыркы доордун жашоо-турмушун, маданиятын көргөзгөн саймалуу таштар, жасалгалуу буюмдар да музейдин көркүн ачат. Ысык-Көлдүн Тоң өрөөнүндө табылган б.з.ч. VI-III кылымдардагы сактардын конус түрүндөгү баш кийими — баалуу экспонат. Бул казына илимий жактан изилдөөгө да муктаж. Элибиздин кийимдери, зергерлердин күмүш жасалгалары алардын байыркы жашоо-турмушунан кабар берет. Улуттук мамлекеттик курулушка байланыштуу да экспонаттарыбыз бар. Мунун баарын толуктап, илимий багытта жаңыртууну ойлоп жатабыз.
— Инвентаризацияда экспонаттардын жоголгону же өрттөлгөн учурлары катталган жокпу?
— Азырынча инвентаризация толук бүтө элек. Негизи экспонаттар түгөл. Комиссия атайын Маданият министрлигинин буйругу менен түзүлдү. Биздин эле кызматкерлер эмес, башка музейдин кызматкерлери, көз карандысыз эксперттер да катышып, толугу менен карап чыктык. Бирок өрт маселесине байланыштуу материалдар баарына эле белгилүү.
Боз-Бармак тоо кыркаларынан табылган байыркы коргондор  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2022
Сөөк менен кошо куймулчак, уча өңдүү устукандарды көмүшүптүр. Археологдун маеги
— Жаңы экспонаттар тууралуу эмнелерди айтууга болот?
— Тынымсыз эле толукталып турат. Өткөн жылы 605 музейлик предмет кабыл алынды. Үч айдын ичинде эле фондубузду 380ге жакын буюм менен толуктадык. Алардын 60ка жакынын атайын иштетүүдөн өткөрүп, анан көргөзмөгө чыгардык. Калгандарын иликтеп, кайра изилдөө иштери жүргүзүлдү. Акыркы жылдары археологиялык казуулар азайганына байланыштуу артефактылар да азайган. Былтыр болгону үчтү алдык. Музейге кандай буюм түшпөсүн алардын сыпаттамасы, этикеткасы түзүлөт. Атайын комиссиядан өтүп катталат. Алардын ар бир кыймылы тийиштүү документациянын негизинде ишке ашат. Музей — бул буюмдарды сактоочу жай эмес. Мында тынымсыз толукталып, илимий жактан изилденип турган процесс жүрөт. Табылгалар көп учурда көмүскө жеке колдорго өтүп кетет. Ошондуктан сатуу, сатып алуу мыйзамына баарыбыз баш ийишибиз керек. Биз да өз сунушубузду бердик. Бул мыйзамга өзгөртүү киргизилип, анда музейди толуктоого артыкчылыктар берилиши зарыл. Анткени тендердин арты менен көп баалуу буюмдар колдон чыгып кетип жатат.
— Эл аралык байланыштарды да бекемдеп жатканыңарды байкадык...
— Бул биздин алтынчы багытыбыз. Бүгүн 30га жакын чет элдик музей менен кызматташабыз. Дээрлик бардык гуманитардык уюмдар чет өлкөнүн Кыргызстандагы элчиликтери менен да активдүү иштешет. Мисалы, Британия музейи, Россиянын бардык чоң музейлери. Жакында Москвадагы Кызыл аянтта жайгашкан мамлекеттик музейдин директору Кыргызстанга келет. Третьяков галереясында учурда кыргыз тилинде экскурсиялар жүрүп жатат. Бул абдан жагымдуу. Кореянын Маданият министрлиги менен биргеликте жалпы үч миллиард крондук атайын долбоор ишке ашырылууда. Ал аягына чыкса санарип аркылуу маданий ресурстарды башкаруу жакшырат. Музейдин кызматкерлерин да ушул багытта квалификациясын жогорулатуу үчүн Кореяга окууга жөнөттүк. Ошондой эле онлайн, офлайн-курстарды да ачып жатабыз.
— 2024-жылы да Россия менен чогуу бирдиктүү музей форуму өтөт деген сөз болду эле...
— КМШнын мамлекеттер аралык гуманитардык фондунун жана биздин Маданият министрлигинин колдоосу менен май айында үчүнчү чоң конференция өткөрөбүз. Россиядан 30га жакын адам келет. Андан тышкары, 12 өлкөдөн коноктор болот. Биз долбоор жазганбыз. Анын алкагында келгендердин жол киресин, жатаканасын, тамак-ашын, баарын өзүбүз каржылайбыз. Республикадагы бардык музейлерди чогултуп жатабыз.
— Акыркы убакта Кыргызстанда тарыхый, маданий иденттүүлүккө басым жасалып жатат. Бул багытта музейдин ишмердүүлүгү кандай болууда?
— Улуттук иденттүүлүктү бекемдөө — ар бир маданият очогунун башкы милдети. Бул багытта бизде абдан көп иштер жасалат. Эл тарыхый эс тутуму жогорулаган сайын улуттук иденттүүлүгүн бекемдөөгө умтулушат. Ар бир өтүп жаткан иш-чара улуттук иденттүүлүктү бекемдейт. Биз ар бир мектеп, окуу жай менен иштейбиз.
— 2022-жылдын 30-декабрында Садыр Жапаров Кыргызстандын тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону, изилдөөнү камсыздоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү жарлыгына кол койгон. Мында музей кызматкерлеринин алдына чоң милдеттер коюлду...
— Азыр өлкөдө тарыхый-маданий 83 эстелик бар. Республикадагы ар кандай профилдеги, макамдагы музейлер менен архитектуралык комплекстердин саны 60тан ашат. Булардан тышкары, мекеме-ишканаларда, уюмдарда, окуу жайларда, мектептерде өздөрүнүн тарыхына, белгилүү адамдарына арналган кичинекей музейлер, бурчтар бар. Алардын саны да жылдан-жылга артып барат. Тарых өткөнүбүздү билдирип, кимдигибизди гана аныктабастан, келечекти болжоп, элибиздин кандай мыкты сапаттары, баалуулуктары бар экенин да көрсөтөт. Тарыхты билбеген адам кайда баратканын да билбейт эмеспи. Ушул жаатта музейлердин ролу зор.
Азыр археологиялык казуулардын жүрбөй жатканы өкүндүрөт. Өлкө аймагындагы орто кылымга, коло дооруна таандык казуулар токтоп турат. Чүйдүн айланасындагы орто кылымга таандык шаарларды изилдөөдөн укмуш табылгалар чыкмак. Мамлекет колго алса артефактылардын казылышы, музейлерге тапшырылышы кыйла жакшырмак. Ушул жарлыктын негизинде министрлер кабинети 2023-2027-жылдарга карата "Көөнө тарых сырлары" аттуу атайын программасын иштеп чыгып, негизги басымды археологиялык казууларга, музейлердин материалдык абалын чыңдоого жасайт деген ишенимдемин. "Көөнө тарых сырлары" мурдагы шаарлардын, сепилдердин, кан жолдордун, салгылашуулар болгон жерлердин калдыктарында. Нарында мурда көп кездешкен балбал таштар акыркы убакта жоголуп баратканын айтып жүрүшөт. Алар кайда кетти? Толугу менен музейлерге деле түшкөн жок. Сыртка сатыштыбы? Убагында короолоруна киргизип менчиктеп алгандар да болгон дешет. Ошондуктан бул абдан маанилүү жарлык. Аткаруу керек.
Азыр "Манас" театры ачылып жатат, ошону менен бирге эле музейи да ачылса деген ойдомун. Виртуалдык көргөзмөлөр абдан популярдуу болуп турган убакта ушул багытта да иштер жүрсө абдан жакшы болмок. Кээде "эл аралык уюмдардан 2500-3000 доллар айлык берет элек, кадр таап берсеңер" деп кайрылышат. Азыр бизде музей кызматкерлери да жетишсиз. Аларды илимий багытта дагы даярдоо керек. Бул да көйгөйлүү маселенин бири. Мисалы, Россияда айрым артефактылар жана музейлердин ичи боюнча ондогон кинолор тартылган. Көптөгөн көркөм чыгармалар жазылган. Бизде деле музей тарыхын чагылдырылган көркөм чыгармалар, илимий иштерге арналган сынактар жарыяланып турса болот эле.
Тигүүчүлөр иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Тигүүчүлөргө ипотека менен үй берүү сунушу. Жеңил өнөр жайдын абалы тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0