Солтон-Сары алтын кенинде иштеп жаткан киши унаасы менен сууга түшүп кетти

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСуудагы муз. Архив
Суудагы муз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Жазылуу
Учурда издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Нарындагы Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинатынын Ж.А. аттуу 31 жаштагы жумушчусу жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Куткаруучуларга бул боюнча маалымат 5-апрелде саат 16:40та 102 кызматынан түшкөн. Төрт кызматкер Солтон-Сары жайлоосуна саат 17:10до чыгып, 20:30да кырсык болгон жерге жетишкен.
6-апрелдин таңында куткаруучуларга жардам берүү үчүн суучулдар жана дагы бир нече кызматкер жөнөтүлгөн. Учурда издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Күйүп кеткен унаа. Архивдик сүрө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2023
Үрөй учурган жол кырсык. Баткенде эки автоунаа өрттөнүп кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0