БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. "Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, шектүү өзүн мамлекеттик органдардын биринин кызматкери катары тааныштырган.Көзөмөл органы билдиргендей, кармалган киши буга чейин 200 миң сом алып, дагы 4 миң доллар сураган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган киши буга чейин 200 миң сом алып, дагы 4 миң доллар талап кылганы айтылды.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. "Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Көзөмөл органы билдиргендей, кармалган киши буга чейин 200 миң сом алып, дагы 4 миң доллар сураган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Ага ылайык, шектүү өзүн мамлекеттик органдардын биринин кызматкери катары тааныштырган.
"Ал адамдардын ишенимине кирип Октябрь райондук ИИБдин өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди чечип берем деген шылтоо менен Бишкек шаарынын тургунунан акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.
Көзөмөл органы билдиргендей, кармалган киши буга чейин 200 миң сом алып, дагы 4 миң доллар сураган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.