Ишкерлерге 2% менен 100 млн. сомго чейин насыя бериле баштады. Жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча. Иллюстративдүү сүрөт
Акча. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Жазылуу
Долбоор 25 өнөктөштүк түзүүнү жана 10 миң фермерди тартууну пландаштырууда.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Финансы министрлиги ишкерлерге 2 пайыздык үстөк менен 100 миллион сомго чейин насыя бериле турганын билдирди.
Ведомствонун Финансы-кредиттик фонду Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борбору жана АРИС менен биргеликте Дүйнөлүк банктын "Ош шаары жана облусунун региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууда.
Максаты — товардык кредит түрүндөгү инвестицияларды берүү жолу менен өндүрүштүн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн сапатын жогорулатуу жана көлөмүн көбөйтүүгө багытталган максаттуу инвестицияларды каржылоо үчүн айыл чарба ишканалары менен чакан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү колдоо.
Жалпысынан долбоор 25 өнөктөштүк түзүүнү жана 10 миң фермерди тартууну пландаштырууда.
Өндүрүштүк өнөктөштүктүн тизмеси:
сүт;
эт ( бодо мал);
эт (майда жандык);
эт (топоз);
картофель;
алма;
кокон гилас;
аарычылык;
пахта;
Өзгөн күрүчү;
балык;
май өсүмдүктөрү;
жашылчалар;
канаттуулар чарбачылыгы.
Бул багытта товардык кредит төмөнкү шарттар жана өлчөмдөр менен берилет:
бир айыл чарба өндүрүүчүсүнө — 2 миллион сомго чейин;
айыл чарба кооперативдери, фермердик чарбалар, үрөнчүлүк чарбалар, асыл тукум чарбалары үчүн — 20 миллион сомго чейин;
тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агросоода-логистикалык борборлор, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн — 35 миллион сомго чейин.
Мында бир кошумча нарк чынжырчасын (үзүрлүү өнөктөштүк) түзүү үчүн сумма 100 миллион сомдон ашпашы керек.
Пайыздык ставка:
жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана дыйкан чарбалары үчүн — 1,5 пайыз;
айыл чарба кооперативдери, үрөн жана асыл тукум чарбаларына — 1,5 пайыз;
тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агросоода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөргө — 2 пайыз.
Кайтаруу мөөнөтү:
өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө — жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү, айыл чарба кооперативдери, үрөн жана асыл тукум чарбалары, бир жылдык көчөттөрдүн агро өндүрүүчүлөрү — 5 жылга чейин;
мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө — көп жылдык көчөттөрдү өндүрүүчүлөр (багбанчылык) — 7 жылга чейин;
тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агросоода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн — 7 жылга чейин.
Толук маалымат үчүн Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58А дарегинде жайгашкан министрликтин Финансы-кредиттик фондуна кайрылууга болот. Телефону (0312) 304883;
Агробизнес атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору: 0700911679, 0772191985.
Айыл чарба техникасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Кыргызстанда былтыр лизингге мүлк алгандар көбөйдү. Техниканын түрү
Жаңылыктар түрмөгү
0