Биротоло коштошпойм, жолугушканга чейин. Абиров ЖКда акыркы билдирүүсүн жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абиров. Архив
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Жазылуу
Экс-депутат келечекте мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө чогуу салым кошобуз деген үмүт менен сөзүн жыйынтыктады.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абиров парламентке келип акыркы билдирүүсүн жасап, депутаттар менен коштошуп кетти.
Ал ар бир адам адашарын айтып, өзү дагы жаза басканын белгиледи.

"Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт экен. Мен окуяны талдап, терең ой жүгүртүп жана жоопкерчиликти сезип, жалпы мамлекеттин, анын ичинде Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбей, комиссия мүчөлөрүн жана жалпы парламентти ыңгайсыз абалга калтырбай мандатымды тапшырууну чечтим. Мыйзам баарына бирдей, депутатсыңбы же катардагы кызматкерсиңби, эч айырмасы жок. Албетте, мындай чечимди кабыл алуу оңой болгон жок. Анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу парламентте өкүл болууга укук берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуялар депутаттык кызматты мындан ары аркалоого, моралдык баалуулуктарга каршы келип калат", — деди Абиров.

Ошондой эле ал жабырлануучу Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, шайлоочуларынан, командасынан кечирим сурады. Аны менен катар өлкө башчысына, өкмөт мүчөлөрүнө, парламентке ыраазычылыгын билдирди.
"Силер менен (депутаттар — ред.) биротоло коштошпоймун, жолугушканга чейин гана демекчимин. Кудай буюрса, келечекте мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө чогуу салым кошобуз деген үмүттөмүн", — деп сөзүн жыйынтыктады Абиров.
Төрага Нурланбек Шакиев экс-депутаттын кийинки иштерине ийгилик каалап, келечеги алдыда экенин айтып, ошол эле учурда жигиттик кылып башкаларга үлгү болгонун белгиледи.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Милиция Жаныбек Абиров мушташкан иштин чоо-жайы эмне болгонун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0