1000-1200 бүлө кызыл китеп ала албайт. Жер мунапысы боюнча мыйзам тууралуу маек

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖаңы конуштагы турак үйлөр. Архив
Жаңы конуштагы турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Жазылуу
2022-жылдын 14-июнунан баштап жер мунапысы боюнча мыйзам жарыяланган. Ал Чүй облусунда өзгөчө ызы-чууну жаратты. Мыйзам кабыл алынган бир жылга чукул убакыттын ичинде кандай иштер аткарылганы кызык. Создугуп жаткан себеби да бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун жер маселелери боюнча эксперти Айнур Кенжебаева болду.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун жер маселелери боюнча эксперти Айнур Кенжебаева
Экс-директор Службы по земельному и водному надзору при Министерстве сельского хозяйства КР Айнур Кенжебаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун жер маселелери боюнча эксперти Айнур Кенжебаева
— Бир жылга чукулдаса да мунапыс мыйзамынын негизинде жарандар эмне үчүн толук документ алып бүтпөй жатат?
— Мындай мыйзам бизде биринчи жолу колдонулууда. Жерге мунапыс жарыялоо тарыхта болгон эмес. Бул — 15 жылдан ашык убакыттан бери келе жаткан көйгөй. Президент аталган мыйзамды кабыл алууда чоң жоопкерчиликти алып, кол коюп берген. Буга чейин да ушундай талкуу жүргүзүлүп, бирок эч ким андай милдетти алгысы келген эмес. Ошондуктан мыйзамдын аталышы да "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу" деп аталат. Бул токтомго 31-майда кол коюлуп, бирок мыйзам кыска-нуска "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" деп так жазылган. Анткен менен токтомдун талаптарын аткаруу жер-жерлерде түшүнбөстүктөрдү жаратыптыр.
Андыктан биз жергиликтүү бийликтердин суранычы боюнча аймактардагы адистерге, комиссия мүчөлөрүнө мыйзамды терең түшүндүрүп, окутуп баштадык. Биринчи Баткенде үч күн, кийин Ош облусунда төрт күн окутуу жүргүзүлүп, тоскоолдуктарды да изилдей кеттик. Тиешелүү адистер өздөрү мыйзамды жеткиликтүү түшүнө албай элге туура эмес чечмелеп койгон учурлар бар. Атайын түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү керт башы менен жеке жоопкерчилик тартат деген мыйзамдын пункту да адистердин чечкиндүү кадамдарга барышына жолтоо болуп, шар чечим кабыл алуусуна кедергисин тийгизип, чочулаткан. Натыйжада иш жай жүрүп, көп тоскоолдуктар келип чыккан.
Мунапыс мыйзамына төрт объектини киргиздик. Биринчиден, мыйзамсыз үйлөрдү, фундаменттерди аныктоо. Экинчиси, үйлөр курулуп, фундаменттер куюлуп калган жагдайда алардын арасындагы жараксыз жер тилкелерин тактоо. Үчүнчүсү, 311-токтомдун негизинде мамлекеттик акт алып алгандар жана төртүнчүсү — 2009-жылдын 31-июлуна чейин "трансформация болсун" деп токтом чыгып калган объектилер. Комиссияга Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизгенге чейин салынган үйлөр (2021-жылдын декабрына чейин — ред.) боюнча да талап коюлган. Жумушчу топтун иштешине эмне тоскоолдук болуп жатканын изилдеп, аныктама берүүдөгү каралган жоопкерчиликке өзгөртүү киргизүү керектигин айттык.
Археологдор тарабынан маанилүү объектилердин бар-жогуна аныктама берүү керек эле. Кыргызстанда болгону сегиз археолог бар экен. Алардын жалпыланган документтери даяр болгондо да эки министрликтин аныктамасы жок болуп калып, иш токтоп калган. Кен байлыктар боюнча да аныктама бериши керек. Эки министрликтин тиешелүү адистери жетишпегендиктен аларды аныктоо да көп убакытты талап кылган. Үчүнчүсү, ушул жерлерди тактоодо негизги комиссиянын мүчөсү болуп райондук архитектор, райондогу Каттоо кызматы, айыл чарба багытында иштеген башкармалык, суу чарбасы жана жер инспекциясы, райондун акиминин биринчи орун басары болчу. Комиссиянын жерине барып маселени тактабаганы да документ иштерин артка тарткан. Жергиликтүү бийлик менен кошо сунуш берип, азыр 291-токтомго жакшы өзгөртүүлөр кирди.
— Эмне болгон өзгөртүүлөр?
— 291-кабыл алынган жобо 27 пунктудан турса, азыр 16-17 гана бөлүм калды. Бул аналогу жок мыйзам болгондугуна байланыштуу жобосун жазуу да кыйын болду. Практикага таянсак, иш жүзүндө көп нерселер ашыкча талап болуп эсептелинет. Ошолордун баары алынды. Бул долбоордо негизинен жоопкерчилик жагы да каралат. Ар бир багыт боюнча сунуштама, аныктама берет дегени да алып салынган. Дагы кандай кошумча-алымчалар бар экени каралды. Буюрса, жобого дагы өзгөртүүлөр киргизилсе, анда бул мыйзам аягына чейин чыгат. Бирок мыйзамдын аткарылышына бир жылдык мөөнөт азыраак болуп калат. Себеби бир жылы өтүп, бир жылы калды. Бул убакытта аныктоо, тактоо иштери гана жүргүзүлдү. Салынган үйлөр жана фундаменттер гана аныкталды. Калган төрт багыты боюнча да иш алып баруу керек. Ошондо гана президенттин тапшырмасы аягына так чыгат. Азыркы такталган маалыматтар боюнча, 30 миңдей жер трансформация болуп, 100 миңдей үй-бүлөнүн жерге болгон укугу таанылып, кызыл китептерин алышы керек.
— Чек арага жакын аймактар бар. Алардын өз шарты болушу мүмкүн. Мурда тажрыйбадан өтпөгөн мыйзам да, токтомду жекече өзгөчөлүгү боюнча өзгөртүүгө дуушар кыла турган аймактар чыгып калышы мүмкүнбү?
— Мунапыс жарыяланган мыйзам боюнча, опурталдуу, коркунуч түзө турган эч кандай объект жок. Талаш-тартыш бир гана Аламүдүн менен Сокулук районунда болгон. Шаардан алыс жайгашкан аймактарда мындай көйгөйлөр жок. Азыр ЮНЕСКОго кирген Сулайман тоонун айланасындагы үйлөр аныкталып чыккан. Бул мыйзамдын негизинде санитардык-эпидемиологиялык нормага каршы жерге салынган үйгө, кызыл сызыкка жакын жайгашкандарга, мүрзөгө, темир жолго жакын же жалпы колдонуудагы жерге салынган үйлөргө документ берилбейт. Аламүдүн районундагы таштандылардын жанында жайгашкан жаңы конуштар, Тынчтык конушунда жогорку чыңалуудагы электр зымдары өткөн, Чоң-Арыкта күмбөздөргө жакын мыйзамсыз салынган тамдар бар. Негизинен бул опурталдуу жерлер Бишкек шаарына жакын райондордо. Комиссиянын жыйынтыгына караганда, 1000-1200 үй-бүлө ушул талапка дал келип калышы мүмкүн.
© Sputnik / Асель СыдыковаАйнур Кенжебаева: Үйдү мыйзам чегинде салганда мындай көйгөй жаралмак эмес. Мамлекет да кошумча жер бере албайт. "Бул жерде жашоого мүмкүн эмес" деген билдирүү чыгат жана мыйзамдаштырууга да болбойт.
Экс-директор Службы по земельному и водному надзору при Министерстве сельского хозяйства КР Айнур Кенжебаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Айнур Кенжебаева: Үйдү мыйзам чегинде салганда мындай көйгөй жаралмак эмес. Мамлекет да кошумча жер бере албайт. "Бул жерде жашоого мүмкүн эмес" деген билдирүү чыгат жана мыйзамдаштырууга да болбойт.
— Мындай жерде жашагандардын тагдыры кандай болот?
— Үйдү мыйзам чегинде салганда мындай көйгөй жаралмак эмес. Мамлекет да кошумча жер бере албайт. "Бул жерде жашоого мүмкүн эмес" деген билдирүү чыгат жана мыйзамдаштырууга да болбойт. Мыйзамдын аткарылышына талаптар коюлат.
— Ушул мыйзамсыз сатылган жерлердин артында мамлекеттик кызматкерлердин коррупциялык элементтерге аралашканы айтылууда. Силер жер-жерлерди кыдырганда байкадыңыздарбы?
— Мыйзамды аягына чейин туура түшүнбөгөндөн улам да бир топ чекиликтер кеткен. Мүмкүн түшүнгүлөрү келген эместир. Айрым аймактарда, мисалы, беш гектар жердин бир аз бөлүгү айыл чарба багытына жараксыз болуп табылса, беш гектардын баарын жараксыз катары таап, калктуу конушка чечим чыгарып коюшкан. Адис катары ушундай алешемдиктерди байкадым.
Чоң контурду эки багытка бөлүү керек болчу. Кыргызстан айыл чарба багытында болгондугуна байланыштуу айдоо жерлерди сактап калуу керек. 2009-жылдын 31-июлуна чейинки токтомдор трансформацияга кетери так жазылган. Себеби ушундан кийин жерди бир түрдөн экинчи категорияга которууга болбойт деген мыйзам кабыл алынган. Жер мафиясы ушунчалык гүлдөгөнбү, билбейм, 2009-жылга чейин сатылган кылып айрым жерлердин документтерин да жасап башташыптыр. Сокулук, Аламүдүн райондорунда, Ош шаарына жакын Кара-Суу районунда ушундай фактылар аныкталды. Муну жер ээси комиссия иштеп жатканда далилдесе болот. Тиешелүү органдар аркылуу же архивдерден талап кылып документтин оригиналдуулугун аныктоого акысы бар. Азыр мунапыс мыйзамы президенттин, Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө турат. Мыйзам талаасына киришибиз керек. Мамлекет башчынын 109-жарлыгында (2022-жыл 8-апрель) өзү билемдик менен жер басып алууга тыюу салынат. Ушул эле мыйзамдын аткарылышында Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесине да так өзгөртүүлөр киргизилген. Айыл чаба багытындагы жерлерди басып алууга аракет кылгандарды 7 жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу каралды. Бул мыйзамдын негизинде жакында Кара-Жыгачта, Көк-Жарда жер басып алуучулар кармалган. Юстиция министрлиги бул боюнча жазаны катаалдаштыруу жагын карап жатат. Жаза менен эле маселени чече албайбыз. Трансформация болгон жерлердин саны аз. Ошол себептен жер-жерлерге барганда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Себеби жер тилкесин 15 сотыхтан бөлүп берип коюшкан аймактар бар. 10-12 сотых жер тилкесин кайра беш сотыхтан бөлүп беришти. Негизи көп кабаттуу үйлөрдү курууга аракет кылышыбыз керек экен.
— Үлүш жерин калктуу конушка саткан жарандар да бар экен?
— Айдоо багытындагы жерин туура пайдаланбай турак жай курууга сатып жиберип, кийин документ чыгарда пейили бузулуп "мурда арзан сатып салыпмын, эми мынчага сатам" деген учурлар да бар экенин уктук. Жер кодексинин 12-беренесине ылайык, ар бир жерди өз багытында гана иштетүү талабы бар. Антпесе мыйзам чегинде жер укугунан ажыратып коюуга болот. Анткени мамлекет берген жерди максаттуу пайдаланбай, мыйзамды бузуп жатат.
— Мунапыс мыйзамынын 27-пунктунун алып салынышы боюнча да ача пикирлер айтылууда?
— Бир жолку акция катары жазылган мунапыс мыйзамын Сокулук менен Аламүдүн районунун алкагында эле көйгөй катары кабыл алышты. Бул көйгөй эмес. Кыргызстан боюнча тарыхый маанидеги жакшы мыйзам. Азыр Ош облусунун 70 пайызы китеп алууга даяр. Алай, Өзгөн районунда кызыл китептерин берип жатат. Жеке менчик жерлерде гана көйгөй болбосо, мамлекеттик менчиктерде маселе жок.
Бишкекте жаңы конуштар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Ак-Ордо конушундагылар эмнеге кызыл китеп ала албай кыйналууда? Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0