Акылбек Жапаров россиялык бизнес үчүн КРдеги келечектүү багыттарды санады

© Sputnik / Жоомарт УраимовМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2023
Жазылуу
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөдөгү соода жүгүртүүнүн көлөмү 40,8 пайызга өстү.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстанда россиялык бизнес үчүн бирдиктүү ишканаларды ачуу боюнча бир катар келечектүү багыттар бар. Бул тууралуу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал РФ жакынкы коңшу гана эмес, эң негизги соода жана инвестициялык өнөктөш экенин белгиледи. Соода жүгүртүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө. Мисалы, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, анын көлөмү 40,8 пайызга өсүп, 3 миллиард 234 миллион долларды түздү.
"Өлкөбүздүн потенциалы ушуну менен бүтүп калбайт. Биз соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жакшы шарт түзүп беришибиз керек. Ошондой эле эки өлкөнүн аймактар аралык кызматташуусун дагы бекемдөө зарыл", — деди ал.
Жапаров быйыл өтө турган Кыргыз-Россия аймактар аралык 10-конференция мыкты уюштуруларына ниет кыларын белгиледи.
"Россия биз үчүн өнөр жай товарларын, күйүүчү-энергетикалык ресурстарды, медициналык, фармацевтикалык жана химиялык продукцияларды, токой чарба материалдарын, машиналар менен жабдыктарды, ветеринардык препараттар менен жаңы технологияларды алуу меселесинде абдан кызык", — деди Жапаров.
Ал жеңил өнөр жай, тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана кичи, орто жана ири гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу өзгөчө маанилүү багыттардын бири экенин айтты.
"Өлкө жаратылыш ресурстарына абдан бай. Жергиликтүү сырье менен материалдарды колдонуп бирдиктүү өндүрүш чынжырчасын түзүү үчүн шарттар бар экенине көңүлүңүздөрдү бургум келет", — деди Жапаров.
Анын айтымында, ушул багыттар боюнча ишти күчөтүп, импортту алмаштыруучу товарларды чыгарган бирдиктүү ишканаларды түзүү боюнча аракеттерди улантуу керек.
Мужчина у флагов стран ЕАЭС в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2023
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын укугун теңеген картаны ишке киргизүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0