00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
2 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:03
44 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны кандай өттү. Видео

Жазылуу
Энергетика, мектептер, бизнести өнүктүрүү – ушул жана башка көптөгөн маселелерди бүгүн, 29-мартта, Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын делегациялары талкуулашты.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйыны өттү. Отурумдун тең төрагалары болуп Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жана Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук катышты.
Иш-чаранын катышуучулары өнөр жай, энергетика, каржы, транспорт жана маданий-гуманитардык байланыштардагы кызматташууга байланыштуу көптөгөн маселелерди талкуулашты. Маанилүү билдирүүлөр да айтылды.
Акылбек Жапаров Россия менен союздук мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Алексей Оверчук өз кезегинде Кыргызстан Россиянын Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи.
Министрлер кабинетинин башчысы эки тараптуу кызматташтыктын потенциалы түгөнгөн жок деп белгиледи. Бул контекстте ал быйылкы X кыргыз-орус аймактар аралык конференцияны ийгиликтүү уюштурууга жана өткөрүүгө ишенимин билдирди.
Жапаров келечектүү багыт катары жеңил жана тамак-аш өнөр жайында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле чакан, орто жана ири ГЭСтерди куруу долбоорлорун ишке ашырууну көрөрүн айтты. Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда бай жаратылыш ресурстары жана жергиликтүү чийки заттарды жана материалдарды колдонууга негизделген өндүрүш чынжырларын түзүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар.

Дагы бир маанилүү жагдай

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы чоң. Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында КР энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков Россиядан 875 киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча келишим бар экенин билдирди. Баасы жана мөөнөтү дагы такталууда, бирок кеп 2023/2024-жылкы жылытуу мезгили тууралуу болуп жатканы белгилүү.
Тема боюнча:
Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынын соңунда кол коюлган документтер
Жаңылыктар түрмөгү
0