Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Быйыл 286 миң тонна минералдык жер семирткич керектелет

© Sputnik / Асель СыдыковаӨсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Жалил Тойматов. Архив
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Жалил Тойматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Жазылуу
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Жалил Тойматов дыйкандарды минералдык жер семирткич менен камсыздоо тууралуу айтып берди.
Жазгы талаа иштерине 286 миң тонна минералдык жер семирткич керектелет. Бул тууралуу Жалил Тойматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Быйыл 286 миң тонна минералдык жер семирткич керектелет
Анын айтымында, Өзбекстандан 100 миң тонна минералдык жер семирткич квота менен алып келинет.
"Жазгы талаа иштерине 286 миң тонна (163 миң тонна азоттук, 105 миң тонна фосфордук, 17 миң тонна калийлик) минералдык жер семирткич керектелет. Учурда ишкерлердин көмөгү менен өлкөгө 42 миң тоннадан ашык минералдык жер семирткич ташып келинди. Түштүк региондо жазгы айдап себүү иштери башталгандыктан алып келинген жер семирткичтин басымдуу бөлүгү ошол жакка кетүүдө. Ал жакта Өзбекстандан келген жер семирткичтин наркы амиак-селитра 28-32, карбамид 36-38 сомго чейин сатылууда. Түндүктө логистикага байланыштуу бир аз кымбатыраак болууда. Өзбекстандан 100 миң тонна минералдык жер семирткич квота менен алынат. Ал эми Россиядан дыйкандардын муктаждыгына жараша алып келүүгө мүмкүндүк бар. Россия менен Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан минералдык жер семирткичти ташып келүүдө эч кандай тоскоолдук жаралбайт", — деди Тойматов.
Ошондой эле ал акчасын алдын ала төлөгөн дыйкандарга жер семирткич арзаныраак болгонун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0