"Уулуңуз кырсыктады". Телефондон алдап, акча алып жүргөн шектүү кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефон менен сүйлөшүп жаткан бала. Архив
Телефон менен сүйлөшүп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Жазылуу
Телефон чалган шылуун акчаны которгондон кийин чегин өрттөп салууну талап кылган.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Баткенде тургундарды жакын адамдары кырсыкка кабылганын айтып, алдап акча котортуп жүргөн деп 20 жаштагы улан кармалды. Бул туурасында Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ал Баткен районунун Самаркандек айылында жашаган 50 жаштагы А.А. аттуу аялдын 15 жаштагы уулунун телефонуна чалып "жездең болом, мен бирөөнү машина менен койдуруп кеттим, мага тезинен 120 миң сом котор" деген. Буга ишенген аял айылындагы терминалдан 50 миң сом, Баткен шаарына барып калган 70 миң сомду которгон. Ал алданганын билгенден кийин 9-мартта милицияга кайрылган.
Ал эми 5-март күнү Лейлек районунун Кулунду айылында 37 жаштагы С.З. аттуу аялга чалып, "уулуңуз бирөөнү машина менен сүзүп алды, биз келиштик, ошондуктан тезинен 50 миң сом которуңуз" деп айткан. Бул жабырлануучу да акчаны терминал аркылуу жөнөткөн. Алданып калганын кийин билип, милицияга арыз жазган.
"Эки окуя тең окшош болгон. Телефон чалган шылуун акчаны которгондон кийин чегин өрттөп салууну талап кылган. Жабырлануучулар ага макул болуп күйгүзүп жиберишкен. Натыйжада бул кылмышка шектелип, Баткен милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 17-мартта Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын тургуну, 20 жаштагы С.Р. Сокулук районунан кармалды. Ал мурда да "Алдамчылык" беренеси менен сот жообуна тартылганы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.
Аталган фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Кыргызстандан өзгөчө ири өлчөмдөгү героин ташуу менен алектенип жүргөн деп Тажикстандын жараны кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Кыргызстандан 1,2 млн. долларлык героин алып чыккан Тажикстандын жараны кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0