Жонума бир кап таш үйүп койгондой жүк менен жашайм. Келиндин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековАйылда аял балдары менен. Архив
Айылда аял балдары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жолдошунун, кайын журтунун адилетсиз мамилесине нааразы келин кат жазган.
Саламатсыңарбы! Мен азыр 35 жаштамын. Алты баланын апасымын. Жолдошум курулуш тармагында иштейт. Төрт жылдан бери чоң үй баштап алып бүтө албай жатабыз. Ичин чала-була агартып коюп эле күн кечирүүдөбүз. Кичинемде апам каза болуп, чоң энемдин колунда өскөм. Атам башка аял алып өзүнчө жашап кеткен. Өз апам болбогондонбу, айтор, бир аз жалтак өсүп калдым. Өз оюмду так кесе айта албайм. Ушуга чейин жолдошума каршы чыгып көргөн жокмун. Кээде таарынып ыйлап алам да кайра эле баягы кейпиме келем. Аяштарым да жашоомду көрүп мага "эмнеге мынчалык жаныңды кыйнайсың, бул сенин үйүң, сенин жашооң. Бетке айтып, өзүңдүн талабыңды коюп, чек араңды бекитсеңчи" дешет. Такыр анте албайм. Күйөөм деле урбайт, бирок эмнегедир өз каалоомду, шартымды айта албайм. Анткени эки кабат тамыбыздын ичинен жуунуучу жайын, ашканасын, уктоочу жерин жок дегенде бүтүрүп берсе деп ойлоном. Жок, кара шыбак үйдө жашап жатсак да, улам бир жерин кошуп, жылына бүтө элек тамды кеңейтип эле жатабыз. Эч шарт жок, акчанын баары курулушка кетет. Балдарга тыңдап кийим алып бере албай калам. Ал аз келгенсип, кайненем да эки-үч айда бир келип мени тилдеп, каалагандай сүйлөп ыйлатып кетет. Жолдошум да апасына унчукпайт. Бирок мени ызалантканы — энебиз айылдагы келинине сүйлөй албайт. Анткени кайним аялын жактайт, келинибиз да бетке айтып салат. Кайнежемдин удаа-удаа тогуз баласы бар. Ал да жылына бир баласын биздикине жашаганы жиберет. Бир уул, эки кызы азыр биздин үйдө. Бир нан көтөрүп келишпегенине мейли, бир чыныны өйдө алып коюшпайт. Баарын чачып туруп кетип калышат, ал аз келгенсип айтышып, апасына жеткирип, кыялдарын көргөзүп мени теңсинишпейт. Ушунун баарына жолдошумду күнөөлөйм. Анткени туугандарына ал да сүйлөй албайт. Кээде отуруп алып үйүбүздүн бүткөнүн, балдарым менен өзүм жашаганымды, жолдошум да мени колдоп, болушуп койгонун элестетем. Мага жасалган адилетсиз мамиледен тажап кеттим. Үстүмө бир мүшөк таш көтөрүп алгандай сезилип жатат. Түйшүктөргө чыдай албай баратам. Акыркы жолу качан бир жакка барып жыргап эс алганымды да билбейм.

Психолог Сажира Абдыкаимова:

Алганыңыз жакпай жатса, демек, бергениңизди өзгөртүңүз. "Жашоо — бул бумеранг, ар бир жасаган нерсеңиз сизге кайтат" деген сөздү көп уксаңыз керек. Ошол нерсени аябай алыстатып салганбыз. Негизи бул нерсе ойдон башталат. Сиз ойлонгондо жакшы ойлорду ойлоносузбу? Өзүңүзгө кандай мамиле жасайсыз? Балдарыңызга кандай мамиле жасайсыз? Өзүңүзгө боло берет деп көп нерсени аяп отура бербейсизби?
Азыр ушунун баарын аңдап, кол куушуруп жашай берүү болбой турганын түшүнүптүрсүз. Багыт бар, демек, кадам таштоо гана калган экен. Эч кимден эч нерсе күтпөй жашоону үйрөнүңүз. Андан дагы башка бирөөлөрдү күнөөлөп отуруунун ордуна өзүңүздү өзгөртүңүз. Ушул жол туура болот. Өзүңүз өзгөрүп баштаганда башкалар өзгөргөнүн көрөсүз. Өз абалыңызды "мен" позициясында айтышыңыз керек экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Бирөөнү күнөөлүү кылуу менен алыс узабайсыз. Өзүбүзгө жасаган мамилебизден улам башкалар бизге кандай мамиле кылуу керектигин билет, түшүнөт.
Дарыгер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
Түрмөдө иштеп жүрүп депрессияга түшүп калдым. Дарыгердин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0