27-28-мартта Бишкектин четиндеги айрым жерлерде газ өчүрүлөт

© AP Photo / Joerg SarbachГаз оту. Архив
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Көк-Жар айылындагы "Сары-Челек", "Сейтек", "Искендер" турак жай комплекстеринде 27-марттан 28-мартка чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлады.
Көгүлтүр отту берүүнү убактылуу чектөө бир катар аймактардагы көп кабаттуу үйлөргө газ киргизүүгө жана газды жөнгө салуучу №62 пунктунун жабдууларын жогорку кубаттуулуктагы жабдууларга алмаштыруудан улам болгонун түшүндүрүштү.
Ишканадан шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнүшкөн.
Төө-Ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү. Кооптуу жерлердин тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0