Мас болуп машина айдагандардын саны 39 пайызга азайды. ЖКККББнын маалыматы

© Sputnik / Табылды КадырбековУнаа айдап арак ичкен айдоочу. Архивдик сүрөт
Унаа айдап арак ичкен айдоочу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Жазылуу
8-марттан баштап күчүнө кирген жаңы эрежелерде айып пулдар көтөрүлүп, ичип алгандарга карата катаал чаралар киргизилген.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Республикада жол коопсуздугу боюнча жаңы эрежелер киргенден баштап мас болуп унаа башкаргандардын саны 39 пайызга азайды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкөдө 11-марттан 17-мартка чейин 17 775 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын бир жумасы менен салыштырганда 12 пайызга аз экени айтылат.
Бул укук бузуулардын ичинен:
автоунааны докумменттери жок башкаргандардын саны 6 пайызга азайган;
ылдамдыкты ашырып айдагандар 14 пайызга кыскарган;
мас абалында унаа айдагандар 39 пайызга азайган;
автобейбаштык кылгандар 86 пайызга кыскарган.
Эскерте кетсек, 8-марттан баштап күчүнө кирген жаңы эрежелерде айып пулдар көтөрүлүп, ичип алгандарга карата катаал чаралар киргизилген. Ошонун себебинен жол эрежесин бузуулар азайганы белгиленди.
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2023
Кадырбеков: жолдорду оңдоп коюп анан айып пулдарды көбөйтсөк болмок
Жаңылыктар түрмөгү
0