Нооруз күнү аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Табылды КадырбековНооруз майрамында эс алгандар. Архивдик сүрөт
Нооруз майрамында эс алгандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Жазылуу
Талас, Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жаан жаайт.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Шейшемби күнкү аба ырайынын божомолун Кыргызгидромет агенттиги айтып берет.
Чүйдө 21-мартта күн ачык болот. Талас, Баткен, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ошто түнкүсүн гана жаан жаайт. Ал эми Нарында күндүз кээ бир жерлерде жамгыр жана кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Таласта +10…+12, Ошто +22…+24, Жалал-Абадда +22…+24, Баткенде +19…+21, Ысык-Көлдө +10…+15 жана Нарында +9…+11 болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй облусундагы гүл талаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Бир жумага карата Кыргызстан боюнча аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0