Ысык-Көл облусундагы кийинки аптага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Жазылуу
23-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда кийинки аптанын соңунда жаан чачын болбой тургандыгы Кыргызгидрометтин божомолунда айтылат.
Облус аймагында 20-мартта жана 21-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
21-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
22-мартта күн ачык болот.
23-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда.
23-мартта күндүз жана 24-26-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
25-26-мартта облус аймагында түнкүсүн 1...3, күндүз 13...15 градус жылуу болору айтылды.
Чүй облусундагы гүл талаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Бир жумага карата Кыргызстан боюнча аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0