20-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовЧымчык. Архив
Чымчык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Жазылуу
20-мартка караган түнү Ош облусунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүз Баткен облусунун көпчүлүк, Жалал-Абад, Нарын жергесинин айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас өрөөнүндө +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл жергесинде +8...+13, ал эми Нарында +5...+10 градус жылыйт.
Бул күнү Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +9...+11, Ошто +18...+20 градусту көрсөтөт.
Гүлдөп жаткан өрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
ӨКМ: 20-21-мартта Чүй менен Таласта үшүк жүрүшү мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0