Бишкектин райондорунда, “Ала-Тоо” аянтында Нооруз кантип белгиленет. Программа

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүБишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы. Архив
Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
Жазылуу
Майрамдык иш-чаралар калаанын бардык райондорунда өткөрүлөт.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы 21-мартта “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата бир нече иш-чара өткөрүлөрүн билдирип, программасын жарыялады.
Салтанат борбордук аянтта саат 10:00дө башталып, майрамдоо калаанын бардык райондорунда өткөрүлөт.
Октябрь району:
19-март саат 19:00дө — Алтын-Ордо конушунда сүмөлөк даярдалган майрамдык иш-чара өткөрүлөт;
21-март саат 10:00дө — №73 мектепте Туңгуч кичи районунун тургундарынын “Спорттук Нооруз” спартакиадасы;
21-март саат 10:00дө — Көк-Жар конушунун №103 мектебинин аймагына боз үй тигилип, салтанаттуу иш-чаралар, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, майрамдык дасторкон жайылат.
Свердлов району:
20-мартта саат 10:00дөн 20:00гө чейин — Ак-Бата конушунда элдик майрамдоо уюштурулуп, боз үй тигилип, дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлөт;
22-мартта саат 14:00дө — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында "Сармерден" өткөрүлөт.
Ленин району:
21-март — Чоң-Арык айылында “Нооруз — 2023” майрамдык иш-чаралары уюштурулат;
21-мартта саат 10:00дө — Арча-Бешик конушунда “Тушоо кесүү” аземи менен майрамдык иш-чара уюштурулат;
21-март саат 10:00дө — Ак-Ордо конушунда дасторкон, концерттик программа жана улуттук оюндарды уюштуруу менен элдик майрамдоо болот.
Биринчи май району:
21-мартта саат 10:00дө — Мурас-Ордо жаңы конушунда улуттук оюндар, аркан тартыш, ордо, тогуз коргоол, кичи футбол жана эстафеталык жарыш уюштурулат.
Бишкектин Ала-Тоо аянтын тосуу учурунда милициянын унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Ноорузга карата "Ала-Тоо" аянтынын айланасындагы көчөлөр автоунаа үчүн жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0