Ноорузга карата "Ала-Тоо" аянтынын айланасындагы көчөлөр автоунаа үчүн жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин Ала-Тоо аянтын тосуу учурунда милициянын унаалары. Архив
Бишкектин Ала-Тоо аянтын тосуу учурунда милициянын унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Жазылуу
Милициянын Кайгуул кызматы өткөрүлө турган иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында автоунаа каражаттарынын кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизиле турганын Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
17-марттан 22-мартка чейин төмөнкү көчөлөр автоунаа үчүн жабылмакчы:
Чүй проспектиси — Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин;
Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү — Абдымомуновдон Чүй проспектисине чейин.
Милициянын Кайгуул кызматы ыңгайсыздыктарды өткөрүлө турган иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу туура кабыл алууга чакырып, алдын ала кечирим сураган.
8-марттын алдында унаадан гүл сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Март айында кыргызстандыктар канча күн эс алат?
Жаңылыктар түрмөгү
0