Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Ак үй Украинадагы элдешүү БУУнун уставын бузарын айтты

© Sputnik / Алексей АгарышевАКШнын Ак үйү. Архив
АКШнын Ак үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Жазылуу
Америкалык бийликтин өкүлү элдешүү ишаратын башкача кылып чечмелеп, Москванын "жаңы чабуулу" туурасында айтып, өзүнүн тыянагын чыгарган.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Украинадагы кепке келүү Россиянын аймактарды алышын бекемдеп берүү дегенди түшүндүрүп, БУУнун уставын бузгандык болуп эсептелет. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби билдиргенин РИА Новости жазды.
Аткаминер, андан сырткары, чатакты жөнгө салуу боюнча Кытай сунуштаган планга комментарийин берген.
"Биздин берген баабызда элдешүү Россиянын Бириккен Улуттар Уюмунун уставын бузгандык болуп калат", — деген Кирби.
Ак үй өкүлүнүн пикиринде, согуш отун өчүрүү режимин киргизүү Россиянын аймактарды алышын бекемдеп берүү болуп саналат. Мындан тышкары, анын айтымында, Москва элдешүү ишаратын кайрадан топтоп, позициясын бекемдеп алып андан ары чабуул жасоо үчүн колдонушу ыктымал.
Кирби Вашингтон бул Украинанын кызыкчылыгын көздөгөн адилеттүү жана узакка созулган тынчтыкка алып келишине ишенбейт деген комментарийин кошумчалаган.
24-февралда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн сайтына Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча 12 пунктудан турган билдирүү жарыялаган. Пекин негизги тезис катары бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн урматтоо зарылдыгын, Москва менен Киевдин ортосундагы түз диалогду жандандырууну белгилеп, андан аркы эскалацияны болтурбоого чакырган.
Украина президенти Владимир Зеленский Кытайдын демилгесине Пекин абалды жөндөөнүн негиздерин сунуштабагандыгын айтып, болгону өзүнүн пикирин билдирүү менен чектелди деген маанайда комментарий берген.
Анткен менен 2022-жылы ноябрда "тынчтыкты орнотуу боюнча" Киевдин өзүнүн пландары бар экендигин, документ 10 пунктудан турарын айткан. Алардын арасында өзөктүк, азык-түлүктүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү, кармалган адамдарды кайсы тарапта канча болгонуна карабай алмашуу белгиленген.
Зеленский Киевге коопсуздук боюнча эл аралык кепилдин зарылдыгын белгилеп, буга тийиштүү документти иштеп чыгуу туурасында айткан. Мындан сырткары, Украина россиялык активдердин эсебинен өлкөнүн чыгымын калыбына келтирүү боюнча эл аралык механизм түзүүгө жетүүнү каалай турганын кошумчалаган.
Россия сүйлөшүүгө даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен украиналык бийлик ага мыйзам чегинде тыюу салып койгон. Зеленский өткөн жылы ноябрда G20 саммитинде эч кандай "Минск-3" болбостугун айткан. Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай сөздөр Киевдин диалогду баштоону каалабай тургандыгын бекемдээрин белгилеген.
РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Зеленский менен сүйлөшүү тууралуу кеп да болбошу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0