00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкек кыргызча сүйлөсө, Кыргызстан кыргызча сүйлөйт. Мэр тил боюнча жыйын өткөрдү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевБишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров. Архив
Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
Жазылуу
Калаа башчысы көчөдө, имараттарда илинген жан кейитерлик котормолорго да токтолгон.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров мыйзам боюнча көрүнүктүү маалыматтар (көрнөк-жарнактар) адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде болушу керектигин, бирок буга жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айтты.
Мэриянын маалымат кызматы Бишкек шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы талкууланганын билдирди.
Жыйында Абдыкадыров баяндама жасап, райондук администрация башчыларынын мамлекеттик тил боюнча аткарылган иштери боюнча отчет берген.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү башкы максат көп улуттуу шаардыктарды мамлекеттик тилди билүүгө, ал тилде окуй, жаза, өз оюн айта, сүйлөй билүүсүнө жетишүү экенин белгилеген. Мындай милдет-талапты ар бир мекеме-ишканалар, шаардыктар, кызматкерлер түшүнүүгө жана аткарууга тийиш экендигин айткан.
Андан сырткары, калаадагы айрым тил көйгөйлөрүнө токтолгон.
"Шаардын көчөлөрүн араласаңыз көзүңүзгө дароо көрнөк-жарнактар, кулактандыруулар урунат. Мыйзамга ылайык, бардык көрүнүктүү маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жана зарыл учурда башка тилде жол-жоболоштурулушу керек. Бирок ушул иште биз ошол материалдардын мамлекеттик тилге тийгизе турган таасирине жана маанисине жетиштүү көңүл бурбай жатабыз", — деген Абдыкадыров.
Калаа башчысы көчөдө, имараттарда илинген жан кейитерлик котормолорго да токтолгон.
"Кээде расмий тилде же чет тилде гана жазылган учурлар көп кездешет. Айрыкча так эмес, тантык, чалагайым котормолорго жол берилген. Ошондой эле шаардагы көрнөк-жарнактардын абалына бир топ дооматтар да айтылууда", — деп кошумчалаган ал.
Мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө жалпы шаардыктар, өзгөчө мекеме-ишканалардын, билим берүү, илим жана маданият уюмдарынын жетекчилери, андагы кызматкерлер өзгөчө көңүл бурууга, камкордук көрүүгө милдеттүү экендигин баса белгилеген.
"Бишкек мамлекеттик тилде сүйлөсө, бүт Кыргызстан мамлекеттик тилде сүйлөйт!"— деген Абдыкадыров.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сапарбек Касмамбетов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын жетекчилери катышкан.
Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Радио
Тил комиссиясы жасалма интеллектини кыргызча сүйлөтүү аракетин көрүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0