Баткендин Мурасында бадамдын 25 миңдей көчөтү отургузула баштады

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүБадамдын дарактардагы гүлдөр. Архив
Бадамдын дарактардагы гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Жазылуу
Мындай долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылат.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында 25 600 түп бадам көчөттөрүн отургузуу иштери башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.
Бак-дарактарды отургузуу өнөктүгү үстүбүздөгү жылдын 11-мартында башталган.
"Мурас айылына бадам көчөттөрүн отургузуу өлкөдө интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү программасынын уландысы болуп эсептелет. 2022-жылы Баткен районунун Кулунду айыл өкмөтүндө 144 миңден ашык жана Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка айылында 144 миңден ашык мөмө-жемиш өсүмдүктөрү отургузулган", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик мындай долбоорлор Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашырыла тургандыгын кошумчалады.
Жазгы айдоо иштеринде күжүрмөн эмгек кылган трактористтер. Нарын облусу, 1974-жыл. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2023
Көчөт тигип, жер айдап, көчкөнгө камынган кыргыздар. Жаздагы жылуу сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0