15-мартка карата аба ырайы

© AP Photo / Ashwini BhatiaАсманды каптаган кара булуттар. Архив
Асманды каптаган кара булуттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Жазылуу
15-мартка караган түнү өлкө аймагында күн ачык болот. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү Чүй, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14...+19, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10...+15, ал эми Нарында +7...+12 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ош калаасында +17...+19 градус болот.
Бадамдын дарактардагы гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Баткендин Мурасында бадамдын 25 миңдей көчөтү отургузула баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0