Лавров Грузиядагы каршылык акциясын Киев майданы менен салыштырды

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
Жазылуу
Министр ЕБ дипломатиясынын жетекчиси Жозеп Боррелдин окуяга берген баасы эки жүздүүлүк экенин белгиледи.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Грузиядагы протест Киевдеги "майданды" эске салууда. Ал эми окуяга Европа биримдигинин берген баасы эки жүздүүлүк. Бул тууралуу жума күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
"Бул Киев "майданына" (2014-жылы Киевдин борборунда болгон окуя мамлекеттик төңкөрүштү жараткан) абдан окшошуп турат. Батыш болгону 20 пайыз бюджетин каржылаган бейөкмөт уюмдарды каттоого алуу жөнүндөгү мыйзам бийликти күч менен алмаштырууга жакшы шылтоо болуп бергени айдан ачык эле көрүнүп турат", — деди Лавров.
Министр ЕБ дипломатиясынын жетекчиси Жозеп Боррелдин окуяга берген баасы эки жүздүүлүк экенин белгиледи.
Эске салсак, 2023-жылдын 6-7-март күндөрү борбор калаа Тбилисидеги парламенттин имаратынын алдында чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоордун биринчи окууда кабыл алынышына каршы акциясы өткөн. https://sputnik.kg/20230309/tbilisidegi-bashalamandyk-1073438044.html Анда митингчилер менен полиция өкүлдөрү кагылышкан. Спецназ суу аткычтарды колдонуп митингчилерди кармап кеткен. Кийинчерээк тартип сакчылары парламенттин имаратына жакын аймактын баарын өз көзөмөлүнө алышканы белгилүү болгон.
"Чет элдик таасирлердин ачыктыгы жөнүндө" мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардын, ЖМКлардын жана субъектилердин реестрин түзүү каралган. Демилгечилер бул мыйзам долбоор учурда АКШда иштеп жаткан мыйзамга караганда кыйла жумшак экенин айтышса, оппозиция менен Грузиядагы америкалык элчи Келли Дегнан төгүндөп чыгышкан. Алардын айтымында, документ чет элдик агенттер жөнүндөгү россиялык мыйзамды кайталап калган.
Тбилисидеги башаламандыкты жараткан чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоору Грузиянын парламентинен чакыртып алынганын "Грузин кыялы" башкаруучу партиясы менен "Элдин күчү" партиясынын биргеликте жасаган билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазган.
Грузиядагы митингчилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
Грузиядагы чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамда эмнелер айтылган. Чечмелөө
Жаңылыктар түрмөгү
0