АКШнын экс-чалгынчысы: Путин Батышка Россияны уратууга жол берген жок

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Владимир Путин Батыштын Россияны уратуусуна жол берген жок. Бул туурасында The Dive with Jackson Hinkle YouTube каналына АКШнын деңиз аскерлер чалгынынын офицери Скотт Риттердин айтып бергенин РИА Новости жазды.
Офицер СССР ураган соң Вашингтон жаңы курулган мамлекетти экономикалык да, саясий да жактан аягына чейин алсыратып, олигархатты орнотууну көздөгөнүн белгиледи.
"Путин — келип туруп, "жетишет, Россия бутуна турат" деп кескин айткан адам. Ал мекенин жанындай көрөт, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш менен абдан сыймыктанат. Бирок Советтер Союзу өкүм сүрүп тургандагы бардык кемчиликтерди жок кылып, жаңы Россияны түзүүнү каалайт", — деген Риттер.
Анын айтымына караганда, Владимир Путинди кийин мамлекеттин тарыхындагы улуу башкаруучулардын бири катары эстеп калышат.
АКШнин желеги фонунда адамдардын силуэти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2023
Америкалыктар Путиндей кишинин президенттикке келишин каалайт. Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0