Аялдарды окутат, акча бөлөт. Москвада кол коюлган 11 меморандум

© Фото / пресс-служба президента КРМосквада билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагында бир катар эки тараптуу меморандумдарга кол коюлду
Москвада билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагында бир катар эки тараптуу меморандумдарга кол коюлду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Жазылуу
Россиянын борборунда I кыргыз-россиялык аялдар форумунун алкагында кол коюлган меморандумдар менен алмашуу болду. Документтерде театр өнөрүн өнүктүрүү, адабий котормолор, кыз-келиндерди медициналык багытта окутуу, башка дагы бир топ тармак боюнча кызматташуу каралган.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Москвада билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагында бир катар эки тараптуу меморандумдарга кол коюлду. Булар кыз-келиндерге ар тараптан мүмкүнчүлүк берүүнү, анын ичинде гранттык түрдө олуттуу каражаттар каралган.
Президенттин маалымат кызматы I кыргыз-россиялык аялдар форумунун алкагында биринчи айым Айгүл Жапарова жана "АБ ЭНЕРГО" ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Николай Коробовский, "ЕврАЗЭСПРОМ" компаниясынын жетекчиси Ахмед Жорджин "Өмүр багы" резолюциясына кол койгонун маалымдады. Ага ылайык, президент Садыр Жапаров жарыялаган "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясын ишке ашыруунун алкагында Баткенде "Өмүр бакчасы" достук паркы курулат.
Мындан сырткары, театр өнөрүн өнүктүрүү, адабий котормолор, кыз-келиндерди медициналык тармакта окутуу жана башка дагы бир топ багыттар боюнча кызматташуу каралган.
Москва шаарында төмөнкү документтерге кол коюлду:
"Кыргызстан менен достук коому" коммерциялык эмес автономдуу уюму менен "Аян" жаштар театрынын ортосундагы кызматташуу меморандуму (Театрга репетиция жана спектаклдерди, театралдык оюн-зоокторду коюу үчүн Москва шаарында туруктуу негизде акысыз пайдаланууга жай берүү);
"Кыргызстан менен достук коому" коммерциялык эмес автономдуу уюму менен "Фрунзе" коммерциялык эмес автономдуу уюмунун ортосунда аялдар арасында волейбол боюнча спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ниеттер жөнүндө меморандум (машыгуу жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн бир жалпы спорттук волейбол залы менен камсыз кылуу);
"Кыргызстан менен достук коому" коммерциялык эмес автономдуу уюму менен "Агартуу билим борбору" коомдук бирикмесинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум (билим берүү тармагындагы "Жекшембилик мектеп" долбоорун ишке ашыруу мезгилине сегиз мугалимди аныктоо: билим берүү жана Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын балдарына орус жана кыргыз тилдерин окутууну уюштуруу);
"Кыргызстан менен достук коому" коммерциялык эмес автономдуу уюму менен "Москва кайрыктары" адабий клубунун ортосунда китепти которуу долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандум ("Москва кайрыктары" 7-чыгармалар жыйнагын кыргыз тилинен орус тилине которууну ишке ашыруу боюнча);
"Кыргызстан менен достук коому" коммерциялык эмес автономдуу уюму менен "Ишкер айым" ("Бизнес-леди") коомдук бирикмесинин ортосундагы ниеттер жөнүндө меморандум (фонд тарабынан бирикмеге "Бизнес-инкубатор" долбоору үчүн 1,5 млн. рубль өлчөмүндө каржылоо берүү);
"Кыргызстан менен достук коому" коммерциялык эмес автономдуу уюму менен "Дарылоо-реабилитациялык институт" ЖЧКсынын ортосунда Россия элдеринин достугу университетинде (РУДН) окуу үчүн билим берүү гранттарын бөлүү жөнүндө меморандум (Кыргызстандан барган беш аялды/кызды РУДНде медайым иши багытында окутууга гранттарды бөлүү);
Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгына караштуу "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы жана "Инсан-Лейлек" коомдук фонду менен Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдында Кризистик борборду түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандум;
"В.В. Жириновский атындагы Дүйнөлүк цивилизациялар университети" жогорку билим берүү коммерциялык эмес автономдуу уюму менен "Дайыма мени менен болгон үй" долбоорунун автору Д. Казакпаева ортосундагы (Көчмөндөр маданиятынын музейин түзүү максатында Д. Казакпаевага 30 чарчы метр аянтты акысыз пайдаланууга берүү) ниеттер жөнүндө меморандум;
"Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси" коомдук бирикмеси менен "АБ ЭНЕРГО" ЖЧКсынын ортосунда "Аялдар жана санариптештирүү" долбоорун ишке ашырууга грант бөлүү жөнүндө меморандум (материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча коом конгресске 73787,05 доллар өлчөмүндө грант бөлөт);
Кыргызстандын Улуттук тарых музейи (УТМ) менен "АБ ЭНЕРГО" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда финансылык грант бөлүү жөнүндө меморандум ("КАМИС 5" автоматташтырылган музей маалыматтык системасын сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу маселесин изилдөө үчүн КР УТМге 1 млн. 650 миң рубль өлчөмүндө акысыз финансылык грант бөлүү);
"Кыргыз тест" мамлекеттик мекемеси менен "АБ ЭНЕРГО" ЖЧК ортосунда 11 млн. рубль өлчөмүндө финансылык грант бөлүү жөнүндө меморандум.
Эске салсак, Москва шаарында "Кыргызстан менен Россиянын келечек үчүн диалогу" аттуу кыргыз-россиялык аялдар форумуна биринчи айым Айгүл Жапарова катышууда.
Москвада Айгүл Жапарованын катышуусунда Кыргызстан менен Россиянын келечек үчүн диалогу аттуу кыргыз-россиялык аялдар форуму башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Москвада Айгүл Жапарованын катышуусунда кыргыз-россиялык аялдар форуму башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0