Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Идирисов: коомдук кеңештер берген сунуштардын 99%ы көӊүл сыртында калды

© Sputnik / Асел АкматЭкономика жана соода министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасынын орун басары Ноокат Идирисов
Экономика жана соода министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасынын орун басары Ноокат Идирисов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Жазылуу
Экономика жана соода министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасынын орун басары Ноокат Идирисов эгерде коомдук кеӊештер жоюлса, анда өлкөдө коррупция гүлдөп, өлкөнүн өнүгүү темпи басаңдай турганын айтты.
Коомдук кеӊештин мүчөлөрү мамлекеттик органдар мыйзамды бузбоосу үчүн бюджеттик акчанын максаттуу пайдаланылышына, тендерлерди жана сынактарды өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүү үчүн түзүлгөн. Бул тууралуу Ноокат Идирисов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Идирисов: коомдук кеңештер берген сунуштардын 99%ы көӊүл сыртында калды
Анын айтымында, коомдук кеңештер жөн гана жетекчилерди туура эмес чечимдери үчүн сынга алыш үчүн эмес, алар альтернативдүү сунуштарды бергени үчүн керек.
"Коомдук же байкоочу кеңештер 2010-жылдын сентябрь айында пайда болгон. Демилге өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага таандык. Жарандык активисттер, укук коргоочулар жана ишкерлер бул сунушту жакшы кабыл алышты. 2014-жылы "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" атайын мыйзам иштелип чыккан. Анда авторлор өздөрүнүн функцияларын белгилеген. Биринчиси — бул кеңеш берүү. Башкача айтканда, коомдук кеӊештин мүчөлөрү аткаминерлерге алардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды берип, коомдогу көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү жолдорун сунушташат. Экинчиси — бул байкоочу функциясы. Биринчи кезекте Экономика жана соода министрлигинин алдындагы коомдук кеңеш дүйнөлүк салык системасын изилдей баштадык. Биздин системанын кемчилигин таап, өкмөткө сунуш бердик, бирок алар көӊүл бурган жок. Сунуштарыбыздын 99 пайызы көӊүл сыртында калды. Ага карабастан жумушубузду уланта бердик. Кантип паракорчулукту азайтуу керектиги боюнча да сунуштар бар эле. Учурда биз бул жаатта дүйнөлүк рейтингде 144-орунда турабыз. Ушул өӊдүү ондогон сунуштар (коррупция, сот реформасы, жер байлыктарынан пайда алуу, билим берүү системасы ж.б.) четте калды. Коомдук кеңештер жетекчилерге өлкөнү өнүктүрүүгө жана мамлекеттик органдардын ишин ачык-айкын кылууга, тендерлерди жана сынактарды өткөрүүдө коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга жардам берүү максатында түзүлгөн. Бирок министрлер кабинети коомдук кеңештердин ишин эффективдүү эмес деп эсептейт. Эгерде коомдук кеӊештер жоюлса, анда өлкөдө коррупция гүлдөп, өлкөнүн өнүгүү темпи басаңдайт. Биз активдүү жаран катары ар кандай мыйзам долбоорлорунун же ченемдик укуктук актылардын авторлоруна өз сунуштарыбызды жөнөтө аларыбызды айтышты. Бирок бул система иштебейт", — деди Идирисов.
Ал акыркы эки жылда аткаминерлер коомдук кеңештерге такыр эле олуттуу мамиле жасабаганын, алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдын нормалары этибарга алынбай жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0