Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдыров: коомдук кеӊештердин маморгандарга каршы туруу ниети жок

© Sputnik / Асел АкматМамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров
Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Жазылуу
Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров министрлер кабинети маморгандар менен министрликтердин ишин көзөмөлдөгөн коомдук кеңештерди жоюуну көздөп жатканын айтты.
2005-жылдагы жана 2010-жылдагы революция да мамлекеттик органдардын коом менен кызматташпаганынан улам болгон. Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мамлекеттик мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Бул демилге жарандык коом жана ишкерлер тарабынан колдоо таап, 2014-жылы "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынганын Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдыров: коомдук кеӊештердин маморгандарга каршы туруу ниети жок
Анын айтымында, ушул тапта түрдүү тармактардагы коомдук кеңештерде 400дөн ашуун адам ыктыярчы катары эмгектенип келет. Эч кандай акча төлөнбөйт.
"Министрлер кабинети мамлекеттик органдардын жана министрликтердин ишин көзөмөлдөгөн коомдук кеңештерди жоюуну көздөп жатат. Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечи орган коомдук кеңештерди жоюуга "алардын натыйжасыз иши" негиз болуп жатат деген пикирде. Мамлекеттик мекемелердин алдында түзүлгөн коомдук (байкоочу) кеңештер министрлер кабинетинин аларды жоюу демилгесине каршы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдодук. Азырынча жооп ала элекпиз. Коомдук кеңештер министрликтерде жана мамлекеттик комитеттерде түзүлөт. Алар мамлекеттик органдар менен коомчулук ортосунда көпүрө, байланыш десек болот. Кеңештердин курамына коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрө, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер кирет. Бул коомдук кеңештер ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана талкуулоого катышат, коомдук демилгелерди карайт жана мамлекеттик органдарга тиешелүү тармакты жакшыртуу боюнча сунуш берет. Коомдук кеңештер мамлекеттик мекемелер аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу, аталган мекемелердин ишиндеги ачыктыкты камсыздоо, коррупцияны алдын алуу максатында түзүлгөн. Коомдук кеңештер айрым чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдардын жардамчысы болуп калды. Анткени алардын курамына чоң эксперттик потенциалы бар жарандар кирет. Бул — өлкөнүн турмушун жакшыртууга багытталган аянтча. Бизде мамлекеттик органдарга каршы туруу ниети жок, тескерисинче, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу үчүн алар менен кызматташуу максатын көздөйбүз", — деди Абдыров.
Ал жалпысынан 36 мамлекеттик органдын алдында коомдук кеңеш бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0