2-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин Ала-Тоо аянтындагы гүлзарлардын жанында адамдар. Архив
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы гүлзарлардын жанында адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жазылуу
2-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз республикада күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +4...+9, ал эми Нарында 0...-5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15...+17, Ош калаасында +16...+18 градуска жетет.
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жаз келди! Март айында аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0