Актер Шабдалиев: театр имараты араң турат, куласа да дем алышта болсо экен деп тилейм

© Фото / предоставлено Канатом ШабдалиевымКанат Шабдалиев 1999-жылдан бери Ысык-Көл музыкалык драма театрында эмгектенип келет.
Канат Шабдалиев 1999-жылдан бери Ысык-Көл музыкалык драма театрында эмгектенип келет. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Жазылуу
Ысык-Көл музыкалык драма театрынын актеру Канат Шабдалиевди социалдык тармактын колдонуучулары тамашалары менен абдан жакшы тааныйт.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Кеменгер" программасында конокто Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын актеру Канат Шабдалиев болду. Биз актердун чыгармачылыгы жана аймактагы театрлардын абалы тууралуу кеп кылдык.
— Сизди актёр жана апыртма жанрын алып жүрүүчү катары тааныйбыз. Алгач актёрдук кесипке келип калышыңыздан баштасак?
— Мектеп жашынан эле шайыр жүргөн бала болчумун. Көп нерсеге кейибейм. Жашоодо позитивдүү болгонду жакшы көрөм. Жокко деле кайылмын. Биздин үйдө материалдык жетишпестик үчүн уруш болбойт. "Тигинин машинасы бар, мунун үйү чоң" деп теригүүгө башынан эле чекит койгом. Жубайыма да "шүгүр кылып жашайлы" дедим. Апам эле "совет убагында калып кеткенсиң, баланчаны карачы" деп калат.
Ал эми театрга келип калганымдын себеби 1994-жылы мектепти бүткөндөн кийин апам мугалим болгондуктан "бир балам менин жолумду аркаласын" деп Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы университеттин филология факультетине тапшыртып, өтүп кеттим. Бирок дил баянды, эркин темаларды абдан жакшы жазып, адабиятка жакын элем. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Алматыдагы искусство институтуна 15 бала керек экенин угуп "ай, менден мугалим чыкпайт" деп сынакка катыштым. Катышкандардын ичинде мен, Аскат Сулайманов, азыркы Казакстанда режиссёр Баатырбек Шамбетов болуп 15 бала тандалып алындык. Бул деле кудайдын белеги болсо керек. Биздин актёр болуп калышыбызга маркум Чолпонбек Базарбаевдин эмгеги зор. Анткени ал киши министр кезинде досу, Казакстандагы биз окуган институттун ректору Талгат Темиров экөө чай үстүндө отуруп "досум, Кыргызстанга жакшы эле эмгегиң сиңип жатат. Сага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алып берейин" десе, тиги киши да Казакстандын эмгек сиңирген артистин алып бермек болот. Ошондо Чолпонбек агабыз " жок, досум, мага ал наамдын кереги жок. Колуңдан келип турганда мага жардам берип, так ушул Көлдөн 15 баланы бекер окутуп берчи" дейт. Анткени 1990-жылдардан кийин кыйын заман болуп Ысык-Көл театры соолуп турган кези болот. Өзүн ойлобой театрдын келечегин ойлоп жатканын көрбөйсүзбү. 1999-жылы окууну бүтүп келип, Ысык-Көл театрына кирип иштеп калдык. Азыр төртөөбүз эле калдык. Көбү беш жылдай иштеп эле борборго качышты.
© Sputnik / Асель СыдыковаЫсык-Көл музыкалык драма театрынын актеру Канат Шабдалиев
Актер Иссык-Кульского музыкально-драматического театра Канат Шабдалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Ысык-Көл музыкалык драма театрынын актеру Канат Шабдалиев
— Сиз эмнеге борбор калаага баса берген жоксуз?
— Кийин окууну бүткөндө Талгат Темиров агайыбыз жыл сайын театрга келип "Чолпонбек агаңардын эмгегин сыйлагыла, ал Көлдүн театрынын өсүшү үчүн силерди профессионалдык билим алууга мага жиберген" дечү. Ошол мага түрткү болду. Экинчиси, азыр жашым да өтүп калды, корком. Шаарга келсем эле жашай албай калчудай сезиле берет. Бишкекке келген сайын көрүп жүрбөймбү, шыпылдап эле жанталашкан кишилер. Азыр борбордо бир жумуш менен жашаш кыйын экен. Актёр досторум театрда, радиодо, тамада болуп үч-төрт жерде иштешет. Бизде Караколдо жай баракат жашоо да, театрыма баруу үчүн эки жолу шашпай чай ичип, анан чыгам. Шаардык досторума да боорум ооруп кетет. Ушинтип атактуу болбой эле койдум. Бир келген жашоодо эл үчүн да кызмат кыл, анан өзүңдү да аяп, жашоонун даамын сезе билүү керек да.
— Сиздин маекке келериңизди уккан кесиптештерим муңдуу образдарды жараткан же жаратпаганыңызга кызыгып жатышат. Анткени социалдык тармакта юмор менен элди күлдүрүп, позитивдүү жүрөсүз. Дегеле кандай ролдорго жакынсыз?
— Өзүмдү мактап коёюнчу (күлүп), негизи "пластилин" актёрмун. Кайсы жакка ийсе кете берем. Трагедияда да, комедияда да ойнодум. Мар Байжиевдин "Окуя" драмасынан Темирди аткардым. Өмүрү спектаклге кызыкпаган аялым көрүп ыйлап жиберген. Уулум да "боорум ооруду, сиз мунжу болуп калат турбайсызбы" деп ыйлап жиберген. Мустай Каримдин "Ай тутулган түндө" спектаклинде Думананы ойнодум. Ошол ролум менен "Жылдын мыкты актёру" наамын алгам. Кайгылуу ролдорум көп эле. Бирок көнүп калат окшойсуң, айрым трагедиялуу чыгармаларды ойноп жатып да баары бир ортосуна бирдеңке кошо кетип элди күлдүрүп алам. Жашоодо деле ошо да, күлкү менен ый чогуу жүрөт эмеспи. Негизи бир тараптуу ролдорго печатталып калуудан качам. Айрым учурда массовкадан да башыма балээ үйүп, бир нерселерди ойлоп таап алам. Өзүм да көңүл буруунун чордонунда жүргөндү жактырат окшойм (күлүп).
© Фото / предоставлено Канатом Шабдалиевым“Кайгылуу ролдорум көп эле. Бирок көнүп калат окшойсуң, айрым трагедиялуу чыгармаларды ойноп жатып да баары бир ортосуна бирдеңке кошо кетип элди күлдүрүп алам. Жашоодо деле ошо да, күлкү менен ый чогуу жүрөт эмеспи”, — дейт Ысык-Көл музыкалык драма театрынын актеру Канат Шабдалиев (сүрөттө — оңдо).
Актер Иссык-Кульского музыкально-драматического театра Канат Шабдалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
“Кайгылуу ролдорум көп эле. Бирок көнүп калат окшойсуң, айрым трагедиялуу чыгармаларды ойноп жатып да баары бир ортосуна бирдеңке кошо кетип элди күлдүрүп алам. Жашоодо деле ошо да, күлкү менен ый чогуу жүрөт эмеспи”, — дейт Ысык-Көл музыкалык драма театрынын актеру Канат Шабдалиев (сүрөттө — оңдо).
— Кыялыңызда кандай ролду аткарууну самайсыз?
— Комедиялык ролдорго жакынмын. Бирок бизде "Кыямат" коюлса Базарбайды ойномокмун. Базарбайды зөөкүр эмес, куу, арамза кылып жаратар элем. Куу үчүн ушунча жашады да, зөөкүр болсо Бостон башында эле атып салмак.
— Бишкекте көп актёрлор тажрыйба топтогондон кийин эле терисине батпай өздөрүн башка кесиптен сынай баштайт. Айрымдары режиссёр, тамада болсо, кээ бирлери таң калтырып саясатка аралашат. Башка кесиптен өзүңүздү сынап көргүңүз келеби?
— Колдорунан келсе ар кайсы кесипти аркалай берсин, бирок менин колумдан актёрлуктан башка эч нерсе келбейт. Кээде "Мыскыл жана тамашага" чакырып калышат. Бизнеске да жокмун. Ошол себептен ар кимибиз колдон келген эле ишти кылсак дейм. Эл башкарган адамдар деле ак сөөктөрдүн тукумунан болсо жакшы болмок. Себеби генинде болот. Бекеринен элдин алды, лидери болгон эмес да. Менин ата-тегимдин баары эле карапайым адамдар болсо керек.
— Сизге "жылдын позитиви" наамын берсе жарашса керек. Себеби мониторинг жүргүзгөндө бир нерсеге нааразы болуп кейиген постторуңуз 0,1 пайызды түзөт экен. Аны да тамаша аркылуу жеткиресиз. Эмоцияны башкарып, сатирага айлантуу - талант. Сизден мыкты сатирик-жазуучу чыкмак. Аракет кылып көргөн жоксузбу?
— Ошону өзүм да ойлонуп жүрөм. Социалдык тармактардагы постторумдан чогултуп өзүм үчүн моноспектакль жазуу оюмда бар. Негизи жашоом ушундай окшойт, төрөлгөнүмдөн бери эле комедия менен аралаш жүрөм. Атам айылдын мал доктуру болчу. Өзү комедия эмес, актерлукка да жок карапайым адам. Апам мектепте мугалим болгондуктан бешөөбүздү тең жогорку окуу жайына окутту. Артист болушума каршы болмок турсун, "Алматыда окуйт" деген атына эле аябай сүйүнүштү окшойт. Бирок апам "сабакты жакшы окубаса да университетте окуган баланын ой жүгүртүү деңгээли айылдан чыкпаган баланыкынан өйдө болот" деп калчу. Ал кез кыйын заман эле. Үйдө төрт бир тууганым деле эч кимиси куудулдукка, актёрлукка шыгы жок жөнөкөй адамдар. Кенебестигим атамды тартканы менен куудулдугум кимди тартканын билбейм.
© Фото / предоставлено Канатом ШабдалиевымЫсык-Көл музыкалык драма театрынын актерлору
Актер Иссык-Кульского музыкально-драматического театра Канат Шабдалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Ысык-Көл музыкалык драма театрынын актерлору
— Маданият кызматкерлеринин эмгек акысы аз. Борбордогу театрларга караганда аймактагы театрлар аз акча алышат. Кантип оокат кылып жатасыздар?
— Ооба, шаардын артисттериндей эле иштерди аткарабыз. Бирок маянабыз аз. Ошондуктан той менен жан багам. Карантинде тойлордун баары токтогондо Якутияга чейин барып курулушта иштеп келдим. Ошондо социалдык тармакка апыртмалардын видеосун жарыялап, ал жакта таанылгам. Аялдан акча сураганды жаман көрөм. Карантин башталганда эки жолу жубайымдан акча сурадым да, анан "кой эй, минтип калгандан көрө элчилеп Россияга барып иштейин" деп алты ай жүрдүм. Бишкекте улуттук, академиялык аты бар театрда иштегендер эле көбүрөөк маяна албаса, Бакен Кыдыкеева, Арсен Өмүралиев атындагы театрлардагылардыкы аймактар менен эле бирдей. Негизи мамлекеттин жүзү болгондуктан маданиятка жакшы мамиле кылышса болмок. Маданият кызматкерлерине бир чети боорум ооруйт.
— Сиз иштеген Ысык-Көл музыкалык театрынын абалы кандай?
— Имарат 1983-жылы салынган, азыр оңдоо иштери керек болуп жатат. Авариялык абалда турат. Ичинин баары жарака, чатырынан суу тамат. Кудай сактасын, 2-3 баллдык жер титирөө болсо эле урап калчудай. Кээде "куласа да эч ким жокто, дем алыш күнү куласа экен" деп кадимкидей тилеп калам.
Ал эми чыгармачылык жактан жакшы эле иштеп жатабыз, Султан Раевдин "Күн кармаган бала" пьесасына даярдануудабыз. Буга чейин Чыңгыз Айтматовдун "Эрте келген турналар" чыгармасын, андан сырткары "Карга аке" чыгармасын койдук. Абдан жогорку деңгээлде болду. Азыр жаш режиссёрлордун иштөө техникасы башкача экен. Бизге жакты. Кесиптештер да кызыгышты. Режиссёрлор 1,5 айда бир пьеса чыгарышат. Бирок ага араң 60 миң сом алат. Анысы ошол жашаганына эле кетет да. Бирок өтө берилип иштешет. Бир жылда 4-5 спектакль чыгарып турабыз. Бизде үч режиссёр бар жана сырттан да жылына бир-экини чакыртабыз.
© Фото / предоставлено Канатом ШабдалиевымЫсык-Көл музыкалык драма театрынын актеру Канат Шабдалиев: социалдык тармактардагы постторумдан чогултуп өзүм үчүн моноспектакль жазуу оюмда бар.
Актер Иссык-Кульского музыкально-драматического театра Канат Шабдалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Ысык-Көл музыкалык драма театрынын актеру Канат Шабдалиев: социалдык тармактардагы постторумдан чогултуп өзүм үчүн моноспектакль жазуу оюмда бар.
— Театрга элдин келиши кандай?
— Акыркы жылдары кудайга шүгүр. Азыр китеп окуган бала жок. Мисалы, "Манастын уулу Семетей" спектаклин жылына коёбуз. Жок дегенде ушуну көрүп да балдар эпостон кабар алса дейм. Ошол эле театр аркылуу Айтматов баштаган жазуучулардын чыгармаларын, Карга аке, Тилекмат аке баштаган акелерди, Байтик баатыр, Курманжан датка өңдүү тарыхый инсандардын өмүр жолу менен таанышса. Билеттин баасы көп болсо 100 сом. Бирок спектакль кандай мээнет менен жаралат.
— Бир нерсени сурагым келип турат, Чолпонбек агайдын ишеничин актай алдым деп ойлойсузбу?
— Жок, казактын улуу инсандарынын бири Абай Кунанбаевдин атасы "сен мага жетүү үчүн өзүңдөй уулду тарбиялашың керек" дейт го. Анысы кандай, Чолпонбек агайдын эмгегин актоо үчүн артыңда келе жаткан жаштарды татыктуу тарбиялоо керек.
Токтогул элдик театрынын артисти, маданияттын мыкты кызматкери Кадырбек Мураталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2023
Атам шылдырагымды көргөн жок. Элдик театрдын ээси Текебай Мураталиевди эскерүү
Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эл артисти Алымкул Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Карызга жашаган, 76 жылдык тарыхы бар мамлекеттик Алай театры. Жетекчи Исаковдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0