Мыйзамды көзөмөлдөө депутаттарга пайдасыз. "Альянс" фракциясынын лидеринин маеги

© Sputnik / Акбар АкжигитовЖогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, Альянс фракциясынын лидери Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Жазылуу
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын ант берип иштей баштаганына бир жыл толду. Бул аралыкта кандай иштер жасалганы шайлоочуларды да кызыктырат. Маалыматты фракция лидерлеринен алууну эп көрдүк.
Sputnik Кыргызстан агенттиги кезектеги суроолорун Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаевге узатты.
— Бир жылда кандай иштерди аткардыңыздар, тагыраак айтканда, жалпы кайсы багыттагы мыйзамдарды жазып, кабыл алууга жетиштиңиздер?
— Жогорку Кеңештин VII чакырылышы жаңы кабыл алынган Баш мыйзам менен иштеп жатат. Мурдагыдай өкмөттүн курамын аныктап, тиешелүү министрликтерди дайындап, эл ичинде айтылгандай фракцияларда "папке бөлүштүрүү" деген азыр жок. Конституция боюнча бизде күчтүү президенттик башкаруу. Ал эми парламенттин реалдуу күчү — коомдук талкуу жаратып, элдин мүдөөсүн жогорку трибунада айтууда. "Альянс" фракциясындагы жети депутат 15 мыйзам долбоорун алып чыктык, баарына президент кол койгон жок. Биринчи, экинчи окууда же коомдук талкууда турган мыйзам долбоорлору да бар. Чет мамлекетте жаштарды окутууга "Аргымак" стипендиясын жана IT адистерин колдоо боюнча маселелерди көтөрүп, чечтик. Эң чоң мыйзам долбоорлорубуз — билим берүү жаатында болуп, чоң талкуу жаратууда. Негизи мыйзамдардын саны маанилүү эмес. Бизде ушул мыйзамга "кошумча автор катары жазылып койчу" дегендер болот. Депутаттардын арасында 50дөн ашык мыйзамга кошумча автор болуп алгандар бар. Фракциялардын арасында да чыгарган мыйзам долбоорлору боюнча атаандаштык болуп калат. Мыйзам коомчулукта турмуш өзгөртө тургандай акыбалга келгенин байкай элекмин. Парламентаризмдин атасы болгон Улуу Британияга өткөн жылы барып калып "силер жылына канча мыйзам кабыл аласыңар?" десем, былтыр абдан көп иштеп сегиз мыйзам кабыл алгандыгын айтышты. Бизде бир жылда 345 мыйзам кабыл алган учур болуптур.
Учурда "Альянс" фракциясы көтөрүп жаткан үч-төрт чоң мыйзамдын бири — билим берүү, финансылык эркиндик жана мектептердеги аттестация түшүнүгүн жоюу болууда. Мугалимдер сабакка эмес, жогорку жактан комиссия келет деп эртеден кечке аттестацияга даярданышат. Ошонун баарын жокко чыгарып, ваучердик система киргизүү аркылуу окуучуларга тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү сыяктуу олуттуу мыйзам долбоорун киргизүүнү талкуулап жатабыз. Бул боюнча Гүлнара Каликова, Абдувахап Нурбаев, Эльдар Абакиров өңдүү эксперттик топ иштеп жатат. Биринчи окуудан өткөн мыйзам — өлкөдөгү кесиптик 100 лицейдин өзүн-өзү камсыздоосу. Дагы бир мыйзам долбоору этникалык кыргыздарды колдоо боюнча кайрылман статусун же жарандык алуудагы көйгөйлөр. Ага 10дон ашык документ талап кылышат, анын ичинде нике күбөлүгү да бар. Мисалы, памирлик кыргыздар диний көз карашта нике кыйдырып эле күбөлүктү кагаз катары көрүп албагандар толтура. Ушул адамдар балдарын мектепке бере албай же ооруканага бара албай кыйналып калып жатышат. Аталган мыйзам долбоору үч окуудан өтүп, азыр президенттин алдында жатат. Мэрди эл шайласын деген мыйзам долбооруна министрлер кабинети каршылыгын билдирди, бирок парламент колдоп берет го деп ойлоп турам. Соттор, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги тууралуу мыйзамды өткөрүп алсак, кийинкиси жергиликтүү өзүн-өзү башкарууда аким, губернаторлорду жоюу боюнча мыйзам долбоорун алып чыгуу оюбузда бар.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖанар Акаев: парламенттин реалдуу күчү — коомдук талкуу жаратып, элдин мүдөөсүн жогорку трибунада айтууда
Депутат Жогорку Кенеша Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
— Облустук же райондук администрацияны жоюу керектиги дайыма эле айтылып келет, сиздердин шайлоо алдындагы программаңыздарда да бар эле. Механизмдерин кандай элестетесиз?
— Биздин партиялашыбыз Алтынбек Сулайманов жергиликтүү бийликтерди сындап жүрүп, кайра кызматка кетип калды деп жатпайбы. Ал киши кызматтан кетип жатып да жергиликтүү бийликти жоюш керек экенин жон териси менен сезгенин айтты. Бул жаатта механизмдерди иштеп чыгуу үчүн ондон ашуун юристтен турган эксперттик топ түзүп жатабыз. Мен юридикалык билимди аркалаган эмесмин. Бир жылдай Ош облусун башкарган губернатор менен ушул темада сүйлөшүп калсам, "эң негизгиси складга 30дай жаңы телевизор алып коюп, бала бакчанын ачылышына тасма кескени барып ошол телевизорду тапшырып келем. Болгон ишим ушу болду", — дейт. Анткени мектептин, көпүрөнүн курулушу өңдүү иштерди Каржы министрлигин жакалап депутаттар алып алган.
— Шайлоодогу айрым убадаларыңарга токтолсок. Алдыда дагы убакытыңар бар. Бирок кечиктирилгис аткарыла турган убаданын бири — азык-түлүккө болгон туруктуу бааны сактап, абалды жакшыртуу. Бул тууралуу кандай пландарыңыздар бар?
— Азык-түлүктүн баасын бир калыпта кармоо боюнча чын эле конкреттүү бир сунуштарды бере алган жокпуз. Болгону улам фракциянын жыйынын өткөрүп, эмнеге бааны туруктуу кармабайсыңар, Монополияга каршы кызматы иштеши керек өңдүү күнүмдүк сунуштар менен гана алек болуп келе жатабыз. Бааны туруктуу кармоо — бүтүндөй бир баш ооруткан маселе.
— Социалдык төлөмдөр боюнча учурда өкмөткө 27 пайыз төгөбүз. Муну азайтуу боюнча да программаңыздарда бар эле. Тескерисинче, Социалдык фонд көбөйтүү керектигин айтып жатат...
— Бул боюнча министрлер кабинетине макул эмес экенибизди билдиргенбиз. Өзүбүзчө да жыйын өткөргөнбүз. Учурда ал демилгелердин баарын артка кайтарып жаткан учурубуз. Бирок алдыдагы убакыттын ичинде биз бул маселени чечебиз деген ой бар. Бул да узак мөөнөттүү талаш-тартыштуу нерсе. Анан да депутаттардын көбү мыйзам долбоору менен толук таанышпай эле кошумча автор болууга кол коюп берип коюшат. Анткени өзүбүздүн да мамилебиз бар жана мыйзам долбоорун өткөрүп жиберүү керек болот. Муну да жоюу керек. Себеби айрымдар эң көп мыйзам долбоорун жазганы боюнча мактанышат. Бул туура эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө мыйзам долбоорун өкмөт жазып, аны парламентке алып келип талкууланат.
Ынтымак фракциясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2023
"Ынтымак" фракциясынын лидери: жайнаган мыйзамдын ордуна 30 кодекс сунуштадык
— Азыркы парламентте оппозиция барбы?
— Парламентте Адахан Мадумаров баштаган "Бүтүн Кыргызстан" фракциясын 60 пайыз оппозиция деп атоого болот. Андан кийин "Альянс" менен "Ыйман нуру" фракциясынын позициясы көп жерде окшошуп кетет. Ошол эле Кемпир-Абад сыяктуу чоң, бийлик кызыкдар, "басым, кысым менен болсо да өткөрөм" деген маселелер болсо караманча каршы туруп алган учурларыбыз бар. Бирок жакшы демилге, жаратмандык иштер болсо колдоп беребиз. Канчадан бери депутат болуп келсем да чыгып алып "өкмөт жакшы иштеп жатат, колдоп берип койбойлубу" дегеним эсимде жок. Акыркы кезде катуу радикалдуу оппозиция катары сын-пикир айткан учурлар парламентте болгон жок.
— Фракция лидерлеринен сураганда көбү позиция, оппозия, "хоппозиция" же калыс, ортодогу пикирди карманган фракциялар болуп бөлүнөрүн айтышат. "Альянс" кайсынысына кирет?
— Бийлик көзөмөлдөп турган чоң маселелердин баарында каршы добуш берип, элдин көпчүлүгүнүн пикирине макул болуп келе жатабыз. Бирок чын эле өкмөт жакшы долбоор алып келсе карап көрүп, колдоп коюп жатабыз. "Меники эле туура, мунуң да жарабайт" деп да туруп алган жокпуз. Жогорку сотту менден ашык сындаган адам болбосо керек. Ошондуктан керектүү жерде позициябызды ачык билдирип жатабыз. Парламентти алсыз болуп калды дегени менен бийлик алмашкан же былтыркы окуялар өңдүү шартта парламент күчүн көрсөтө алат. Жогорку Кеңеш улам начарлап жатат. "Мындай кошоматчы парламент көргөн эмеспиз" дегендер бар, бирок кийинкиси кандай чыгат билбейм. Азыркы система да өзгөртүүгө дуушар болушу мүмкүн. Министрлер кабинети парламентке келүүнүн жаңы жоромолдорун (ыкмаларын) сунуштайт деген сөз бар. Бир мандаттуу кылып салабы же аялдардын санын көбөйтүүбү, айтор, ушундай демилгелер бар. Парламент дагы бир жаңы ыкманы карайт окшойбуз.
© Sputnik / Акбар АкжигитовЖанар Акаев: айрымдар эң көп мыйзам долбоорун жазганы боюнча мактанышат. Бул туура эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө мыйзам долбоорун өкмөт жазып, аны парламентке алып келип талкууланат
Депутат Жогорку Кенеша, лидер фракции Альянс Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
— Парламенттик жана президенттик башкарууда да депутат болдуңуз. Эң чоң айырмачылыктар катары эмнени айтасыз?
— Азыр Жогорку Кеңештин күчү азыраак. Өкмөт мүчөлөрүнүн "жер тепкилесеңер да эч нерсе кыла албайсыңар" дегени ошондон. Мурда өкмөт мүчөлөрү "бюджетти карап берип койгула" деп келип турчу. Анткени президент бюджетти парламент кабыл албай койсо өкмөттүн отставкасын карачу да, парламентте көпчүлүк коалиция түзүлүп "өкмөттү кетиребиз" дечү. Мына ушундай парламентке аткаруу бийлиги көз каранды болгон учурлары көбүрөөк эле. Азыр андай жок. Комитеттик жыйындарда депутаттардын кыйкырганына карабай келбей койгон министрлер болот. Бирок парламенттин артында эл, шайлоочулар болгондуктан көп коомдук пикир жаратып койгонго мүмкүнчүлүк көп. Буга саясий эрк керек. Бирок, тилекке каршы, бизде бийлик менен ымалалаш болуп кеткен учурлар көп болуп жатат. Ошондо эл "коалиция түзүп алып депутаттар министрликтерди бөлүштүрүп алышты, туруктуулук жок" деп сындачу. Бишкекте 2020-жылдан бери сегизинчи мэр иштеп жатат. Каржы министрлигинде 15, Билим берүү министрлигинде 7, Маданият министрлигинде 7-8 министрдин орун басары алмашыптыр. Башкаруу системасын өзгөртүү үчүн ырааттуу, системдүү саясат жүрүшү керек эле да. Бир мыйзам долбооруна чакырсаң ай сайын башка-башка министрдин орун басары келип калган болот. Жаңы баш мыйзам кабыл алгандан кийин деле туруктуулук жок.
Абдан күчтүү кадрлар бар, көбү менен сүйлөштүм, алар мамлекеттик кызматка барбайт. "Үч-төрт ай иштетип туруп эле кетирип же иш козгоп камап коёт экен, анан суракта жүрөмбү" деп көбү туруксуз кадр саясатына макул эмес. Ошол эле Теңгиз Бөлтүрүк мыкты компанияларда иштеген он чакты күчтүү балдарды алып келген, бирок бир жылга жетпей баары кетишти. Мен президентке кирип-чыгып тургандардан эмесмин. Ал кишиге жакындар акимдерге чейин өзү күн-түн болсо да телефон чалып "массалык маалымат каражаттары ушундай жазып жатат" деп көзөмөлдөрүн айтышат. Бирок ал жагын так билбейм.
— Мыйзамды көзөмөлдөө бир эле VII чакырылыштын эмес, негизи эле жалпы парламенттин аксаган жагы. Колунда бийлик турганда деле ушул болчу. Мунун себеби эмнеде?
— Биздин депутаттар өз функциясын билсе да бул коомчулукка жагуунун бир көрсөткүчү эмес болгондуктан карманбаса керек. Бүт дүйнөдө парламент популисттик орган. Анткени шайлоочуларына жаккысы келет. Мыйзамдарды көзөмөлдөп же мыкты мыйзам жазып элге жагып кеткен депутаттар аз. Шайлоодо жазган мыйзам долбооруң боюнча колдогон адам кезикпейт. Элди ээрчитип кетүүнүн ордуна, калктын агымына кошулуп алып ошолорго жагабыз деген аракет бизде көбүрөөк. Көп мыйзам жазсаң эч ким билбеши мүмкүн, бирок министрликти же өкмөттү бир кыйкырып сындап койсо, эл ошону айтып чыгат. Азыр депутаттар да муну билет жана ушуга ориентир алат. Бирок депутаттардын баарын эле ууру, акмак, популист деп айта берүүгө да болбойт. Көп деле сүйлөбөгөн жана социалдык тармактарга чыккысы келбеген депутаттарды да билем. Кабинетине кирсең, эл аралык уюмдарга жазабы же министрликтерге кайрылабы, айтор, кадимкидей шайлоочуларына, айылына жардам берип баш-оту менен иштеп жатканын көрөсүң. Же унчукпай эле ондой спортчуга айына 20-30 миң сомдон стипендия төлөп жаткандары да бар. Ак үйгө жумасына 20-30 адам кирсе алардын 50 пайызы акча сурап кирет. Анткени депутаттардын баарын бардар ойлошот. Бирок менин да финансылык мүмкүнчүлүгүм чектелүү болгондуктан бере албай калышым мүмкүн. Жогорку Кеңешке келген каттарды анализдей турган болсок, биринчи бооруна операция жасоо, бөйрөк алмаштыруу керек деген тариздеги каттар көп. Саламаттыкты сактоого байланышкан маселелер биринчи орунда.
© Sputnik / Акбар Акжигитов Жанар Акаев: коңшуларга салыштырмалуу бизде сөз эркиндиги жаман эмес. Бирок президенттик башкарууга өткөндөн кийин журналисттерди тартипке чакырган жана салып койгон учурлар көп болду. Менимче, бул да ойлонуп маалымат берүүгө, жоопкерчиликке үндөйт
Депутат Жогорку Кенеша, лидер фракции Альянс Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
— Мамлекеттик кызматкердин этикасы жазылган эрежеге саясий кызматкерлер кирбей калыптыр. Эл өкүлдөрүнө, саясий кызматкерлерге тийиштүү этикалык нормалар жок. Ошол эле учурда катардагы административдик кызматкерлердин этикасы каралган. Мунун өзү парадокс. Этикасы жазылбаган саясий кызматкер кол алдындагылардан этика талап кылууга укугу бар болуп калууда. Ушул жагынан мыйзам долбоору керекпи?
— Депутаттар этиканы бузса Жогорку Кеңештеги эң негизги комитеттердин бири — Конституциялык комитет карашы керек. Мен да ошол комитетке мүчөмүн. Этиканы бузган депутаттын наамына арыз түшсө каралат. Бирок ушуга чейин бир да жолу андай маселе боло элек. Арыз да түшкөн жок. Бул иштебеген регламенттик маселе. Экинчиден, карга карганын көзүн чокубайт дегендей арыз түшсө да ошол эле кесиптешиң кабинетиңе кирип алып тополоң кылышы мүмкүн. Бир гана нерсе элдин алдындагы абийириң. Бизде өкмөт мүчөсүн кагып-силкип, жекирип, урушуу керек деген норма жок. Депутаттарга да баа бере албайсың, анткени 10-20 миң добуш алып келген депутат "сен мага акыл үйрөткүдөй кимсиң" деп чыгат. Бул боюнча өнүккөн өлкөлөрдө кандай экенин так билбейт экенмин, бирок бизде күлкүгө айланган же сабатсыз билдирүүсү менен баарын иренжиткен учурлар абдан көп. Көрүп турганыбыз менен аны эч нерсе кыла албайсың да. Ал эми саясий кызматтагы министрлик же дагы башка тармактардын этикасын башкалардын тажрыйбасына жараша карап көрүү керек го. Айрым учурда фойеде суроо узаткан журналисттерге "өзүңдү билип алчы" деп жооп берген депутаттарды көрүп калабыз.
— Журналист жана бул тармакты жакшы билген адам катары президенттик башкарууга өткөндөн кийинки сөз эркиндигин кандай баалайсыз?
— Коңшуларга салыштырсак, сөз эркиндиги жаман эмес. Бирок президенттик башкарууга өткөндөн кийин журналисттерди тартипке чакырган жана салып койгон учурлар көп болду. Менимче, бул да ойлонуп маалымат берүүгө, жоопкерчиликке үндөйт. Ушуну менен эле өзүн-өзү чектеп калган да учурлар болуп калбаса экен деп ойлойм. Журналисттерден чочулоонун кереги жок, фейк-троллдордун түбүн текшере келсек, ал таптакыр башка жактан чыгып калышы мүмкүн. Журналисттик иликтөө жасагандардын ит акмагын чыгарып, баса калып эртең иликтөө жасабагыдай кылабыз дегендерди бийликтин маалымат саясатын жүргүзгөндөр карашы керек. Анчалык төмөн түшүүнүн кереги жок. Албетте, сөз эркиндиги азыраак болуп, көйгөйдү айтпаган кишилердин көп болушу бийликке жагат. Былтыр Алмазбек Атамбаев абакта отурганда эки сааттай кирип сүйлөшүп калганда "сөз эркиндигин баалап-барктап, журналисттердин айткандарын угуп, маани берүү керек экен деген ойго келдим" дегени бар. Журналисттер душман эмес, анын көтөрүп чыккан маселесин караш керек. Аларга өчөшкөндөн көрө жардам суроо зарыл.
Ыйман нуру фракциясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
"Ыйман нуру" аталышынын эч бир динге тиешеси жок. Нуржигит Кадырбековдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0