Дүйшеев: эл жашыл экономика тууралуу кенен түшүнгөндө гана бул тармак алдыга жылат

© Sputnik / Асель СыдыковаJIA бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика комитетинин куратору Азамат Дүйшеев
JIA бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика комитетинин куратору Азамат Дүйшеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Жазылуу
JIA бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика комитетинин куратору Азамат Дүйшеев өлкөдө бул жаатта сапаттуу кадрлар абдан аз экенин айтты.
Дүйшеев: эл жашыл экономика тууралуу кенен түшүнгөндө гана бул тармак алдыга жылат
Кыргызстанда жашыл экономика тууралуу 2015-жылдан баштап айтыла баштады. Экономиканын бул түрүнүн мааниси аз чыгаша кылып, көп пайда алуу жана ошону менен бирге айлана-чөйрөгө зыян тийгизбөө буп саналат. Учурда өлкөдө аталган тармак жаӊыдан гана өнүгүп келе жатат. Бул тууралуу Азамат Дүйшеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Акыркы жылдары Кыргызстанда жашыл экономика темасы ар кайсы аянтчаларда көп айтыла баштады. Мамлекет эгемендүүлүктү алгандан бери экономикада ар кандай мүчүлүштүктөр, кризис чыкты, ага пандемия, дүйнөдө болуп жаткан окуялар да таасирин тийгизип жатат. Бизде жашыл экономика жаатында сапаттуу кадрлар абдан аз. Себеби адистер маянасы жогору эл аралык уюмдарда иштеп, чет өлкөгө чыгып кетип жатышат. Дегеле экономика тармагында адистердин жетишсиздигин белгилегим келет. Бул маселе 14-17-февраль күндөрү Кыргыз-Россия Славян университетинде өткөн "Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү" эл аралык илимий-практикалык форумда көтөрүлүп, ушул тармактагы адистерди даярдап чыгууга басым жасоо максаты айтылды. Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга карата жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы иштелип чыккан. Буга да кудайга шүгүр дейли. Бирок ишкердик чөйрө реалдуу, чоӊ жылыштарды сезе элекпиз. Азыр мамлекеттик айрым кызматкерлер деле жашыл экономика эмне экенин толук түшүнө элек. Өткөндө аймактан бир ишкер кулпунай өстүрөм, демек, мен дагы жашыл экономикага кирем деп кайрылды. Айыл чарба өсүмдүктөрүн, бак-дарак тигип өстүрсө эле жашыл экономикага кирип калбайт. Мисалы, эгерде картошканы өстүрүүдө сууну сарамжалдуу пайдаланып тамчылатып сугарсак, анда бул — жашыл экономика. Андыктан азыр өтө көп маалыматтык иш-чараларды жүргүзүшүбүз керек. Окуу жайларга эми гана ушул тууралуу окутуулар кирип жатат. Эл жашыл экономика тууралуу кенен түшүнүп билгенде гана бул тармак алдыга жылат", — деди Дүйшеев.
Жаңылыктар түрмөгү
0