Дизель майы фермерлерге 65 сомдон сатылат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДизель майы сатуу. Архив
Дизель майы сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2023
Жазылуу
Мамлекеттик резервдер фонду май куюучу жайлардын бири менен келишим түздү.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жазгы талаа иштерин аткаруу үчүн фермерлерге дизель майы 65 сомдон сатылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Учурда дизель майынын 1 литринин баасы 76 сомго чейин жетип жатат.
Мамлекеттик резервдер фонду күйүүчү майды сатып алуу боюнча май куюучу жайлардын бири менен келишим түзүп, райондор боюнча квота бөлүштүргөн.
Министрлик жакынкы аралыкта 3 миллион литр майды көрсөтүлгөн суммада берүүнү убадалады.
Дизель майын льгота менен алуу үчүн айыл өкмөтүнө кайрылуу керек.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2023
Радио
Бензин дагы канча сомго арзандашы мүмкүн? Адистин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0