Былтыр өлкөгө 40 миңден ашуун автоунаа импорттолду. Рекорддук көрсөткүч

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2023
Жазылуу
Өлкөгө автоунаалардын көбү Корея, Россия, Грузия жана АКШдан алып келинген.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Өткөн 2022-жыл ичинде Кыргызстанга 41 237 жеңил унаа импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Машиналар кырктан ашык өлкөдөн ташылган. Төмөндө автоунаалар көп (миңден ашык) ташылган мамлекеттердин тизмеси:
Корея — 10 604;
Россия — 7 136;
Грузия — 6 666;
АКШ — 5 378;
Япония — 3 309;
Литва — 2 444;
Кытай —1 773;
Германия — 1 313.
Улуттук статистика комитетинин өлкөгө ташылган автоунаалар боюнча маалыматы (2018-жылдан берки):
2018 — 3 835;
2019 — 18 527;
2020 — 25 629;
2021 — 13 116;
2022— 41 237.
Бишкектеги автоунаа базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Автоунаа базарларынан мамлекетке канча акча түшөт? Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0