Садыр Жапаров биринчи айым менен Венгрияга учуп кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова. Архив
Өлкө башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2023
Жазылуу
Делегациянын курамына президентти кошпогондо сегиз адам кирди.
БИШКЕК, 12-фев. – Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн расмий сапар менен Венгрияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, кыргыз-венгер бизнес-форуму жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:
мамлекет башчынын жубайы Айгүл Жапарова;
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Венгриядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талантбек Кушчубеков;
билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов;
санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;
экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
юстиция министри Аяз Баетов.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиеёвдин Ала-Арча жаратылыш паркына барышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Жапаров менен Мирзиёев канайымдар менен "Ала-Арча" паркына барышты. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0