Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Момбеков: эмгек мигранттары ыңгайлуу шартта ипотека ала алат

© Sputnik / Асылбек БактыбековМамлекеттик ипотекалык компаниянын “Элдик турак жай” компаниясынын төрагасы Уланбек Момбеков
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Элдик турак жай” компаниясынын төрагасы Уланбек Момбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2023
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Элдик турак жай” компаниясынын төрагасы Уланбек Момбеков "Ак-Босого" турак жай-сактык кредиттик компаниясы" Элдик турак жай компаниясы" болуп өзгөргөнүн айтты.
"Элдик турак жай” компаниясы аркылуу мигранттарды турак жайменен камсыз кылуу механизмин түзүп, аны 2023-жылы баштоо пландалууда. Бул тууралуу Уланбек Момбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Момбеков: эмгек мигранттары ыңгайлуу шартта ипотека ала алат
Анын айтымында, кыргызстандыктар үч жылдан кем эмес убакытта акча топтоп, сегиз пайыздык чен менен ипотекалык насыя алса болот.

"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Ак-Босого" турак жай-сактык кредиттик туунду компаниясы "Элдик турак жай компаниясы" болуп өзгөрдү. Ал эми "Ак-Босогонун" кардарлары мурдагыдай шарт менен каражат топтоону улантышат. Учурда мигранттарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча атайын механизм түзүлүп ишке ашканы жатат. Жарандар турак жай сатып алууга керектүү сумманын 50 пайызын 3 жылдан кем эмес убакытта топтоп, үй сатып алса болот. Каражаттын тең жарымын 6-8 пайыздык чен менен узак мөөнөткө бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк берилет", — деди Момбеков.

Адис ошондой эле жарандар топтогон каражаттар Депозиттерди коргоо боюнча агенттик тарабынан корголо тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0