00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:59
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:58
1 мин
06:58
1 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жумушчуларды камсыздандыруу кандай таризде жүрөт?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Новые торговые пути, как основа меняющегося Мира- беседа с Муратом Мусабаевым
16:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Что такое БРИКС и зачем страны стремятся присоединиться к этому клубу?
18:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2024-2034-жылдары Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол коюлду - эмнелер жасалат?
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
53 мин
Ачык кеп
Жумушчуларды камсыздандыруу кандай таризде жүрөт?
23:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Стоматолог: сүт тишке кам көрүү кийинки тиштин сапатына таасир этет

© Sputnik / Асел АкматБорбордогу стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов
Борбордогу стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Жазылуу
Борбордогу стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов сүт тишти убагында дарылап туруу түбөлүк тиштердин таза болушун шарттай турганын айтты.
Ата-энелер баланын тишинин эрте же кеч чыкканына өзгөчө көңүл бурушат. Адатта ал тиштин сапатына таасир этпейт. Андан көрө сүт тиш деп көңүл бурбай койбой, дарылап, таза караса түбөлүк тиштери да сапаттуу чыгат. Бул тууралуу Нургазы Каримов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Стоматолог: сүт тишке кам көрүү кийинки тиштин сапатына таасир этет
Анын айтымында, түшпөй жүргөн сүт тиштерди 10-12 жаштан ашырбай алдырып салган дурус.
"Көпчүлүк балдардын тиши алты айынан тарта чыга баштайт, бул эл арасында норма катары кабыл алынып калган. Бирок азыр тамак-аш витаминдешкендиктен эрте чыккан учурлар, ал тургай тиши менен төрөлгөн балдар кездешет. Ошол эле учурда тиши кеч чыгышы мүмкүн. Тиштин эрте же кеч чыгышы генетикадан көз каранды. Ата-эне баласынын сүт тиштери качан чыгып жатканына эмес, анын сапатына маани бергени оң. Бизде көбүнесе "сүт тиш оорубайт", "сүт тишке курт түшсө эч нерсе деле болбойт, башкасы чыгат" деп көңүл бурбай коюшат. Бирок ошол сүт тишти курт жегенге жеткирбей, убагында дарылап турса ордуна сапаттуу, таза тиш чыгарын унутпашыбыз керек. Биз муну менен баланын тиши генетикасынан начар болсо да, аны жакшыртканга жардам беребиз. Башкача айтканда, балаңыздын тиштери сиздикинен сапаттуураак болот. Ошол эле учурда сүт тиштери түшпөй, 20-25 жашында өзү түшүп калганча жүрө бергендер бар. Бул түбөлүк тиштердин кыйшык болуп чыгуусуна, жыйынтыгында кийин брекет кийүүгө жеткирет. Андыктан ата-энелер сүт тиши түшпөй калган учурда бала 10-12 жашка чыкканда эле алдырып салышы керек", — деди Каримов.
Стоматолог сүт тиштердин тамыры жок деген түшүнүк жаңылыштык экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0